Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174   1175  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

МУҢАЙБА, МОСКВАДАГЫ МЕКЕНДЕШ!

№451 24-30-июнь, 2011-жыл


Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин чакыруусу менен Москвадагы мекендештерибиздин жашоосу, элчиликтин алпарып жаткан иши тууралуу билүү үчүн сапар тарттым. Кесиптик “оорум” кармап аэропорттон эле баштадым жумушумду. Жашы 74төгү эне “балдарым Москвада, неберелеримди караганга мени чакырышканынан баратам” деп жалооруса, 22деги келин “айылымдан алыс чыгып көрбөгөм, эки балам айылда калды” деп муңканат. Муңайба, мекендеш, жакшылыктан үмүт үзбө деп макалага орун берели.

ЭЛ ҮМҮТҮ ЭЛЧИЛИКТЕ
Москванын кең көчөлөрүн аралап жүрүп отуруп, биздин элчилик жайгашкан имаратка да жеттик. Имаратта кыргыздын кызыл желегинин желбиреп турушу эле канчалык кубат берерин мигранттар мага караганда алда канча жакшы сезишсе керек. Элчиликтин мейманканасына токтоп, ашканасына баш бактым. Төбөсүндөгү түндүктү, оймо-чийме түшүрүлгөн отургучтарды, менюсунда казы-карта, кымыз-айраны бар экенин көргөндө барган кыргыз бир кудуңдап аларында шек жок. Радиодон барган кесиптешим Кубат Чекиров экөөбүздү элчиликтен Анара Абдрахманова тосуп алып, элчи менен жолуктурду. Кыргызстандын Орусия Федерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Чиналиев УлукбекКожомжаровичтин “Кыргызстан кандай, элибиз аманбы?” деген сөзүнөн анын мекенге болгон кусасы, ой толгоосу байкалды. Өз сөзүндө элчи:
«Орусиянын түрдүү облустарында биздин миңдеген мекендештерибиз тиричилик кылып жүрүшөт. Биз, кыргыздар, бөтөн жерде башкалардын арасында өз жүзүбүздү, аброюбузду түшүргөн эмеспиз.
Элчилик – кыргыздардын Орусиядагы бирден-бир таянар, сүйөнөр үйү. Боордошторубуз бизге миң түркүн көйгөйүн, сүйүнүчүн айтканы келишет. Бул жер кыргыздын боз үйү сымал. Боз үйгө кирген адамга эч качан кыргыз жаман сөз айткан эмес. Андыктан элчиликке кайрылган журтташтарыбызды капа кылып чыгаруудан алыспыз. Кыргыздын мыкты сапатын баса белгилеп айтайын. Башына мүшкүл иш түшсө да эч качан “жаман” деп айтпайт. “Кандайсың?” десең, сөзсүз түрдө “жакшымын” деп жооп берет. Андыктан кыргыздар, орус элине же башка улуттарга өзүбүздүн жалаң жакшы сапатыбызды, эмгекчилдигибизди, намыскөйлүгүбүздү көрсөтөлү деп аракет кылабыз»,- деди.

“МИГРАНТТАР МИЛЛИОНГО ЖЕТЕТ” ДЕШЕТ
“Элчиликтин атын жамынып жасалма документтерди жасап берип, биздин мекендештерди сызга отургузган шылуундар көп”,- дейт элчинин кеңешчиси Болотбек Мукашев. Орто жолдон акча тапкысы келген кыргыз шылуундары кайра эле кыргызды какшатканы кейиштүү. Күнүнө элчиликтин эшигинен 150-200гө жакын кыргызды кезиктиресиң. Алардын маселеси болуп Орусия аймагында утурумдук жашоого, жумушка уруксат кагазын алуу сыяктуу бир топ документ иштери эсептелет. Дагы бирлери укуктук жактан жардам сурап кайрылышса, дагы бирөөлөр орус жарандыгын алыш керек деген көйгөй менен алек. Мындайда, албетте, элчилик жардамга келет. «Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт» дейт. Анын сыңары, элчиликтин кызматкерлери журтташтарга боор тартып, керек учурда өздөрүнүн маянасынан топтоп болсо да мекенине кайтууга көмөк берерин угуп ичиң жылыйт. Ошол эле учурда элчилик жардам сурап келгендин баарына көмөк көрсөтүп, маселесин чечип салды деп кесе айткандан да алыспыз.
Так эмес маалымат боюнча, Орусиядагы кыргыз эмгек мигранттарынын саны миллионго жетет. Бирок Орусиянын миграция кызматынын маалыматы боюнча, былтыркы жылы 553 миң кыргыз жараны Орусия аймагына кирген. Ошол эле мезгилде 503 миңи кайра чыккан. Мындан сырткары 102 миң кыргыз жараны жумушка уруксат берүү күбөлүгү менен иштегени аныкталган. Быйылкы жылдын эсеби менен 300 миңге жакын кыргызстандык орус атуулдугун алышкан.
“Мигранттардын саны көбөйгөн сайын Орусия тартипти катуу көзөмөлдөй баштады. Мигранттарга болгон квота 2007-2010-жылга 6 миллиондон 1 миллион 300 миңге түштү. Квота азайган сайын биздикилерде кыйынчылыктар көп болууда”,- дейт Болотбек Мукашев. Болот мырзанын маалыматында, элчиликке таптакыр тиешеси жок документ жасоо боюнча 20 чакты орусиялык фирма бар. Мисалы, Москвада бир жылдык жумушка уруксат берүү кагазынын баасы 15 миң рубль турса, орус жарандыгын алуу 30 миң рубль, дайымкы жашай турган жерине каттоого туруу 25-30 миң рублду түзөт экен.

МОСКВА КӨЗ ЖАШКА ИШЕНБЕЙТ
Биздин кийинки жолугушуу Москвадагы кыргыз диаспоралардын, бирикмелердин өкүлдөрү менен болду. “Москва көз жашка ишенбейт” деген кеп биздин мекендештерге куп эле жарашчудай. Анткени жашы 18ге толо элек, балтыр эти ката элек балдар-кыздардын 16-18 саатка созулган кара жумушта иштеп жатканын угуп кейийсиң. Мектепти бүтүп-бүтпөй Орусияга жумуш издеп баргандардын түркүн тагдырга кабылышын, тил көйгөйүн, укуктук жактан кыйналган учурларын санап бүтө алышпайт. «Айланайындар, балдарыңарды жөнөтөрдөн мурда токсон толгонуп туруп, ишеничтүү бирөө болсо гана жөнөткүлөчү!» деп да билдирүү жасадык» дешет. Мындан сырткары, бир бөлмөдө 20 чакты адам жашап, натыйжада “меникин сен жеп койдуң!”, “менин аялыма эмне көз артасың?!” сыяктуу көр тириликтин көйгөйлөрүн күйүп-бышуу менен айтышты. Кыскасы, журтташтардын көйгөйлүү маселелери мына ушундай.
Медалдын эки тарабы болгондой эле, Москвада окуп, окуусун улантып, илимдүү-билимдүү болгон мекендештер жок эмес. Мейли медицина, маданият, экономика тармагын алып карабайлы, өз ишин мыкты билип, иши жүрүшүп, ити чөп жеген кыргыздар бар. Бала-чакасынын, ата-энесинин камын ойлоп, түркүн иште түйшөлбөй иштеген жарандарыбыз арбын. Жөнөкөй эле бир мисал, Москвадагы медициналык борборго бардык. «Маяк» аттуу борбордо кыргызстандык 14 врач эмгектенет. Өз каражаттарынын эсебинен ачылган бул борбордо мекендештерге жеңилдиктерди беришет.

ЖОЛУҢДАН ЖОЛУККАНДЫН КӨБҮ КЫРГЫЗ
Кызыл аянтта ар бир экинчи суу саткан адам кыргыз болуп чыкты. “Силерди кызыл шапкечендер кармабайбы?” деп сурадык бир кыргыз кыздан. “Жок, анткени мен Орусиянын жаранымын да” деген жоопту уктук. Кафеге кирсең ашпозчусу, официанты кыргыз, көчөгө чыксаң көчө шыпырганы кыргыз, электричкага түшсөң аны жууганы деле, аэропортко келсең кызмат кылганы да кыргыз. Кыскасы, жолуңдан жолуккандын көбү кыргыз. Электричканы күтүп отурсак, ар бир токтогон электричкадан шыпыргы-чакасын көтөрүп кызыл жүздүү кыргызым түшөт.
“Оштон келгем. Айлыгым 15-17 миң рубль. Жумушум оор. Кыргызстанда ушинтип иштебейт болчумун”,- деп бозорот бир боордошубуз.

Ала-Тоодон алыста жүргөн жердештерибиздин тагдыры тууралуу жаза берсек, кагаз бети түтчүдөй эмес. Келерки санды күтүңүз, кыз-келиндердин тагдыры тууралуу баяндайбыз.

Бурул Исмаилова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(53)
27.06.2011. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озубуздо ушундай иш болсо кана эле,канчалаган мекендештерибиз кыйналышмак эмес...
"ыйлагандын козу жаман, айткандын созу жаман" бийликтегилерге бир нерсени айтып убара болгондун деле кереги жок......
27.06.2011. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurjigit, айткандын оозу жаман го дейм...
27.06.2011. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ozu myizam chygarysh kerek ata enesiz 25jashka cheyinki birda kyzdy aeroportton bolok jaka chyygarbash kerek ato kobunchosu bolok uluttar menen jurup kor bolup jurushot korup namystanasyn
27.06.2011. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adiiiiiiiiiii, En tuura! Men da Moscowdo boldum! Kop kor4uumun kyrgyzdyn kyzdaryn tajik, ozbek, dager, 4e4ender menen jurgonun. Kee birin tartyp turup ponyatka bersen, a kee biri uje krim duinonun kiwileri bolup 4ygat, alarga tie albaisyn! a bul u4urda kyrgyz kyzy kaira alarga jan tartat, karap turup namysyn tutop ket4uu!
27.06.2011. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эр болсонор боорунар ооруса,намысынарга тийсе уйлонгуло ошол кыздарга ,балким бул аларга бул жашоодогу адамдага ишеничин кайтарат
27.06.2011. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Batken, Сенин ой жугуртууно +1!
27.06.2011. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхх...кайда барсан мамайдын кору дегендей жашоо кыйын. Элчилик эч нерсе кыйратпай Москвада,ишин тушкондон Кудай озу сактасын,аман эле болушсун да.
27.06.2011. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Batken"-намысынарга тийсе уйлонгуло ошол кыздарга, дейсин. Намысы жок кызга кимдин уйлонгусу келет? Бир, эки чычкак кыздар бардык кыргыз кыздарын башка улуттардын алдында "дешевкалар" деген атка кондуруп жатышат
27.06.2011. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
SCORPIONDOR, эгер ошондой кыздарды жаман иштен куткарып,жакшы жолго салсан же аял кылып алсан чон сооп жана чон куноо кечирилет...аларды чычкак деп кайра табалабай...ЭШЕГИНЕ ЖАРАША ТУШАГЫ дейт эркектери кандай болсо кыздары ошондой...
27.06.2011. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arstan туура айтасын,элчиликке кунубуз тушпой эле койсун.Кайрылсан бери дегенде 1 жума чуркатат да,эптеп таап аткан акчанды сыгып алат.Иштегени келгендердин баары эле орусча тын суйлобоору копчулукко маалым.Элчиликке келип эне тилде"ээн"суйлоп кубанган кыргыздарыбыздын бланка толтура албай кыйналып,ошол жерде эле иштеген"тынып алган" кыздарыбызга кайрылышат.Анан алардын кары-жашына карабай орой мамиле кылганын коруп оор ушкуруносун.Албетте мээ чарчайт,бирок айга консок да КЫРГЫЗ болсок дейм да
27.06.2011. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам Алейкум Боордоштор! Супер Инфонун кабарчысы москвадан эмнени кыйратып келгенин тушунгон жокмун.Ал эми элчиликтин атын эле укпасак эч кандай жардам тууралу соз болушу мумкун эмес.Андан коро Кыргызым алтын башыбыз аман болушун Аллахтан тилейли!!!
27.06.2011. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kelerki gezittin sanynda kyz kelinderdin tagdyryn jazabyz deptir go kutoluchu ,a to kopton beri ele kommenteriilerden orusiadagy kyzdar ozdorun jaman alyp jurot dep okup kalam.osholordu jazat beken.
27.06.2011. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кабарчы чын эле биздин элчиликке барыптырбы?жардам эмей,барсан аябай орой мамиле кылышат.кыргызча суроо берсен,акырайып орусча жооп беришет.акча бербесен,жумушун бутпой кайра-кайра чуркатышат.окуп алып тан калдым ай же бир жуманын ичинде ушунчалык жакшына болуп озгоруп кетишкенби?
27.06.2011. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздын башкалар менен журуп кеткен кыЗ келинДерине асылып куноологондон мурун...соц.иликтоо жургузуп коргулочу, кобунчосун биринчи кыргыз ЖиГиттерибиз оздору кордоп туруп таштап койгондор...
27.06.2011. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кргыздарга айтаарым Москвадагы...озубузду коомдук жайларда алып жургонду кичине уйронолучу орустарды ирээнжитпей...айтсан кээбирлер жаман корушот орустар деле оздору ошентип атышпайбы деп...а орустардын оздоруно ал нерсе жараша берет...
27.06.2011. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудаага шүгүр эле жүрөт кыргыздар башка улуттарга караганда.Ал эми элчилике келсе,анын бетин ары кылсын.Туура айтышат төмөндөгүлөр,сыгып эле алат ал жерде деле акчаң болсо адамсың,акчаң жок болсо сурап да койбойт.Иши кылып аман болушсун.....
28.06.2011. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге кыздарга эле асылып калдынар?А эгер балдарды мисалга алсак эмне болот,журушот го калмычка кыздарды жетелеп? Кимдир бироо ата-энесине жардам кылганы,кээ бироосу озунун максатын коздоп келип жатышат,ага эч ким тоскоол боло албайт. Москвадагы жердештердин жаман жагын жазгандан кийин,жакшы жагын да жаза кетсенер болмок...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: