Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

КАМЧЫ САРЫБАЕВ: «КОНЦЕРТКЕ ЖАЛАҢ ПРОФЕССИОНАЛ КУУДУЛДАР КАТЫШАТ»

№234 27-апрель-3-май, 2007-ж.


Бир топ белгилүү кыргыз фильмдеринде, рекламалык роликтерде жана клиптерде ролдорду жараткан актёр, “Дем” театрынын бир жигити Камчы Сарыбаев өзүнүн жеке концертин берүү алдында турат. Белгилүү актёрдун концерти кандай болооруна кызыгып, аны чакан маекке чакырдык.

– Камчы, сени көпчүлүк актёр катары таанышат эмеспи. Жеке концертиңди бергени жатыптырсың, бул кандай тартипте өтөт?
– Менин өз кесибим актёр болгону менен мен ырдаган жагынан чоң ырчылардан кем калышпайм. Менин “Аза-Универсал” тобу менен ырдап жүргөнүмдү да көпчүлүк эле билсе керек. Азыр жаңы ырларды жаздырып жатам. Концертте болсо өзүмдүн аткаруумдагы ырларым жана “Дем” театрынын коштоосу менен аткарган интермедияларыма келгендер күбө боло алышат. Илгерки “Мыскыл жана тамашанын” стилине салып концертимди бир ыр, бир күлкү тартибинде өткөрөйүн деп жатам.
– Жеке концертиңди берүүгө эмне түрткү болду?
– Саясатчылар тууган-уругун чогултуп пикет, митинг өткөрүп жатышса, мен тууган-урукту чогултуп концерт берүүнү чечтим. Көптөн бери көрүшпөгөн тууган-урук, куда-сөөктөр менин концертимди шылтоо кылышып көрүшүп, сүйлөшүп, черлерин жазып жыргашсын. Концерт уюштуруумдун дагы бир себеби материалдык маселеге байланыштуу. Бир иш баштайын деп бирөөдөн миң доллар алып, өзүмдүн миң долларыма кошуп үйгө коюп койсом, уурулар уурдап кетишиптир. Ошонун акчасын ордуна коюш керек болуп жатат.
– Концерттен түшкөн каражат менен ал акчанын ордун толуктайм деп көзүң жетеби?
– Эгер ал акча чыкпай калса да өкүнбөйм. Бул негизги максат эмес, жөн гана концерт койгонго шылтоо болду. Күмөндөр байке: “Ай, сен ошол ууруларга рахмат айт, алар сенин акчаңды уурдабаганда концерт койбойт болчусуң да” деп жатпайбы. Анын сыңарындай, “акча үчүн коюлган концерт экен” дегендер жаңылышат. Концерт талаптагыдай өтөт. Атүгүл азыр аябай катуу даярданып жаткан чагыбыз.
– Биринчи жолу концерт уюштуруп жаткан адамга бир топ эле түйшүктүү болсо керек?
– Өз башыма келгенде бул иштин түйшүгүн сезип отурам. Такай концерт уюштуруп жүргөндөргө рахмат десе болчудай экен. Дагы жакшы, келинчегим менен кайнежем оорумду колдон, жеңилимди жерден алышып, түйшүгүмдү бөлүшүп жатышат. Ошондой эле өзүмдүн “Дем” театрымдын жигиттери да карап турушкан жок.
– “Тууган-уругумду чогултам” деп жатпайсыңбы. Ант­сең кайра эле өзүң банкрот болуп калбайсыңбы? Анткени, алардын баарына чакыруу билетин беришиң керек да?
– Азыр бекер эч нерсе жок. Концертке бир дагы чакыруу чыгарган жокмун. Тууган-уруктарым өзүм тараптан да, кайын журтум тараптан да аябай көп экен. Алардын баарына ачык эле: “Мегиле, сатып алып, акчасын бересиңер” деп билет таратып салгам. Аларга “концерт коюп жаттым эле, акча берчи” деп жалдырап баргандан көрө жардамын ушундай жол менен алганың жакшы.
– Концертиңдин кандайдыр бир өзгөчөлүгү болобу?
– Өзгөчөлүгү – концерттин басымдуу бөлүгү тамаша болот жана жалаң профессионалдуу куудулдар катышат. Мисалы, Күмөндөр Абылов, Болот Тентимишов, Бакыт Мукулдун үйбүлөлүк театры жана “Дем” театрынын жигиттери. Ошондой эле ырчы досторум да мени куттуктап келишет.


Акбар жаңы топ ачты
Таланттуу жаш ырчы Акбар Сүйүн­баев жаңы “Диско-80” деп аталган топ ачты. Бул топтун максаты – жаңы ырларды жаздырып, ага 1980-жылдардагыдай күчтүү обон, мыкты аранжировка жасап элге тартуулоо. Топ Нурмат жана Илич деген эки баладан туруп, бул жигиттердин кийимдери да, стили да ошол жылдардагы ырчылардыкындай болмокчу. “Азыр элдин көпчү­лүгү, айрыкча, улуу ага-эжелерибиз сексенинчи жылдагы ырларды сагынып калышканы билинип турат. Ошол себептен “Диско-80” деген топту ачууну ойлонуп, азыр жаңы топ менен алышып жаткан учурум” дейт топтун жетекчиси Акбар Сүйүнбаев. Айта кетсек, “Диско-80” тобунун балдары менен Акбар “Жалгызым” деген биринчи ырын жаздырып бүтүштү. Демек, бул топтун ийгилигине күбө болуу мезгили алыс эмес.

Тынар менен Лилия ажыраштыбы?
«Кыргызстан Обондору» радиосунун булбулдай сайраган ди-джейи Лилия Абдубаитова менен белгилүү куудул Тынар Курбаналиевдин үйбүлө курушканын көпчүлүк билчү. Эми минтип, биздин угушубузга караганда, арадан үч жыл өткөндөн кийин жубайлар пикир келишпестиктен ажырашып кетишиптир. Балким, эки кочкордун башы бир казанда кайнабай калгандыр. Эмнеси болсо да, бул эки жаштын күйөр­мандары үчүн жагымсыз жаңылык болду. Айта кетсек, экөөнүн ортосунда мотурайган Эмир аттуу баласы бар. Мүмкүн бул жөн гана таарынышуу болуп, акыркы чечим эмес чыгаар. Же Тынар Рахман акесинин жолун жолдогусу келип жатты бекен?

Артык менен Сапар аферистке алданып калыштыбы?
Артык менен Сапардын борбордогу күйөрмандары ырчыларын жоктоп калышса керек. Жигиттердин көптөн бери Бишкектен көрүнбөй калгандарынын себеби, алар азыр Ошто гастролдо жүрүшөт. Болгондо да продюсери менен түзүлгөн келишимди бузушуп, ага айтпай кетип калышкан. Себеби, “бышкан жемиш даамдуу болот” демекчи, балдардын талантын пайдаланып, акча табууну көздөгөн бирөө көп нерселерди убада кылып, аларды түштүккө алып кетип калган. Анын убадаларына ишенишкен Артык менен Сапар продюсерине билдирбей барып келебиз деп ойлошкон. Бирок, бул кабар продюсерге жеткенде Дана кыжырданып, балдардын артынан Ошко жөнөгөн. «Көп нерселерди убада кылган адам ырчылардын эмгегин жеп, убадаларынын бирин аткарбай качып кеткенде гана жигиттер аферистке туш болгондорун сезишип, жаңылгандарын моюндарына алып менден кечирим сурашты. Келишимди бузгандары үчүн мен Артык менен Сапарды сотко бере алмакмын. Бирок, алардын жаңылгандарын түшүнүп, кечирдим. Бирок, мындан кийин бул балдар менен мен өтө катуу тартипте иштеше баштайм” дейт Артык менен Сапардын продюсери Дана.

Мухтар жаштар борборун ачты
Белгилүү ырчы Мухтар Атаналиев студия ачты. Бул студия жаштар борбору болуп, жаштардын арасындагы чыгармачылыкка байланыштуу маселелерди чечип бергенге жардам берет. Андан сырткары, маданият тармагына кызыккан каалоочуларга колдоо көрсөтөт. Ал эми ырларды которуп алган ырчыларга каршы чара көрүп, өзүбүздүн акын, композиторлорубуздун ырларын чыгарганга жардам берет. Бул борбордун азырынча аты коюла элек. Бардык кыргыз маданиятын сүйүүчүлөр үчүн студиянын эшиги ачык.

Ынак эки кабат үй салууда
Чыгармачылык менен соода тармагын бирге алып кетип бараткан ырчы Ынак Осмоналиевдин учурда чоң эки кабат там салып жаткан кези. Тамды өз күчү менен тапкан акчасына Акордо жаңы конушуна салып жаткан үйүн ырчы күзгө чейин бүтүрүүнү пландоодо. Ал эми май айында «кызым Сумаянын тушоо кесүү тоюн берип, элдин батасын алгандан кийин үйдүн жумушуна баш-отум менен киришем” деп турат. Албетте, ырчынын чыгармачылыгы да четте калган жок. Ынактын азыр элдин колдоосуна алынган “Айлуу кеч” аттуу ырына клип тартып жаткан мезгили.

Министрдин кызынын махабатынын” баасы түштү
Рустам Аташовдун “Министрдин кызынын махабаты” көркөм фильминин 1-2-бөлүктөрү борбор шаарыбыздагы “Россия” кинотеатрында көрсөтүлүп, билет баасы 100 сом болгон эле. Анда көпчүлүк студенттер үчүн кымбат болуп, кире албай калышкандары да болгон. Эми ошол студенттерге болуп көрбөгөндөй жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Республикалык “Манас” жаштар ордосунун суроосу боюнча “”Министрдин кызынын махабатынын” 1-2-бөлүгү кайра кайталанып көрсөтүлөт. Болгондо да арзандатылган баада (30 сом) болмокчу. Мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайын десеңер 1-майдан баштап “Манас” кинотеатрына келе бергиле. Баса, ушул эле фильм 1-майдан тартып Ош, Жалалабат, Караколдо да көрсөтүлө баштайт.

“Бека” тобунун жетекчиси Бекназар үйлөнөт
Өзгөчө ырлары жана стили менен элдин колдоосуна арзыган “Бека” тобунун жетекчиси Бекназар келе жаткан жумада үйлөнөт. Бекназарга жубай болчу карабалталык кыздын аты Чынара, кесиби тарыхчы, учурда соода тармагында иштейт. 26 жаштагы бул кыз менен Бекназар 10 жыл мурун бир үйлөнүү тойдон таанышкан. Бул Бекназардын экинчи аялы экенин, биринчиси шоу-бизнесте аты белгилүү бир бийкеч болгондугун белгилеп кетели. Ийгиликтин артынан ийгилик келип, Бекназар машинасын жаңыртты, андан сырткары, “Шайтан араба” киносуна тартылууда.
“Бекназар, куш бооң бек болсун” дегенден башка айта турган сөзүбүз жок.

Максат Бегалиев үйлөндү
Таланттуу жаш ырчы Максат Бегалиев 22-апрель күнү үйлөндү. Ырчынын жүрөгүн багындырган Назгүл аттуу селки борбор калаабыздан. Ырчы азыр май айынын башында боло турган чоң тоюна камданууда. Аракетчил жигит үйлөндүм деп эле отуруп калбай, дагы деле болсо чыгармачылык менен алпурушуп жатат. Айта кетсек, ырчы “Максимум” аттуу экинчи альбомун чыгарууга даярданууда. Бул альбом Максаттын жалаң жаңы ырларынан түзүлгөн. Андан сырткары, ырчы Анталия жана Италия шаарларына атайын ырларына клип тарттырып келүү максатында жөнөп жатат. Буюрса, бүгүн 27-апрель күнү Максат Анталияга сапар тартты.



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: