АЙБЕК БЕЛГИЛҮҮ ӨЗБЕК КИНОРЕЖИССЁРУ МЕНЕН КИНО ТАРТАТ
№285 18-24-апрель, 2008-ж.
Бир гана Өзбекстанда эмес, бизге чейин жетип, ар бир үйгө диски тараган "Фатима менен Зухра" өзбек фильминин режиссёру Рустам Сагдиевден ырчы Айбек Карымов Ташкентке чакырык алды. Ырчынын айтымында, кыргыз тоолорунун арасында кино тартуу – өзбек кинорежиссёрунун көптөн берки тилеги экен. Айбектин Ташкентке баруудагы максаты – "Кылым муза" продюсердик борбору менен Сагдиевдин ортосундагы киного байланышкан келишимге кол коюу жана өзбек кинолорун кыргызчага которууга укук алуу.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0