ЧЫҢГЫЗГА КҮЙӨРМАНЫ АЙГҮЛ ГҮЛҮН ТАРТУУЛАДЫ
№286 25-апрель - 1-май, 2008-ж.
Ди-джей да, ырчы да, телеалпаруучу да Чыңгыз Мырзаев күйөрман кызынын күтүлбөгөн белегине туш болду. Жумушунан чыккан Чыңгызды кызыл-саргыч айгүл гүлүн көтөргөн бир кыз тосуп алган. Дүйнөдөгү сейрек кездешкен бул гүлдү күйөрманы атайын Чыңгыз үчүн Баткенден алып келген экен. Кыргызстандын Кызыл китебине кирген айгүл гүлүнүн үзүлүп калганына ырчынын ичи ачышып турса да сыртынан билгизбей, кызга ыраазычылык билдирип узаткан.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0