МИКАЭЛЬ БИЛАНДЫ ЖЕҢИШИ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ
№291 30-май - 5-июнь, 2008-ж.
Микаэль Орусиянын белгилүү ырчысы Дима Биланды анын "Евровидениедеги" жеңиши менен куттуктады. Биздин ырчы жигит Дима Кыргызстанга келгенде аны менен таанышып, достошкон. Көп өтпөй бул достор Астана шаарында болуп өткөн концертте да жолугушуп, көпкө чейин баарлашышкан. Диманын «Евровидение» конкурсунан биринчи орунду алганына сүйүнгөн жердешибиз Микаэль досу Биланды телефон аркылуу куттуктап коюуну унутпады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0