Жалпы журтка тарбиялык ырлары менен белгилүү болгон Эмил Балтагулов 1-июль күнү экинчи кыздуу болду. 3 килограмм 300 грамм салмакта төрөлгөн ырчынын кызы ата-энесин кубантты. Аман-эсен көз жарган эненин да, ымыркайдын да денсоолугу жакшы. Эмил «тун кызым Аминанын атына уйкаштырып кызымдын атын Элина койсомбу?» деп ойлонуп жатат. Ырчы: «Буюрса, жакынкы күндөрдө жентек той өткөрөм»,- деп камданууда.