Элге бийчилик өнөрү менен таанылып, андан соң тамадалыкка ыктап, учурда ырчылыкты да аркалап жүргөн Бакыт Байсариев өз сүйүүсүн кармап калганга ашыгып турган чагы. Анткени, эл ичинде "Бакыт үч жарым жылдан бери сүйлөшүп жүргөн кызы Наргиза менен урушуп кетиптир" деген сөз тараган. Наргиза "Элита" бий тобунун көркөм жетекчиси экен. Жаштар ортодо болуп кеткен анча-мынча пикир келишпестиктерди өз ара түшүнүү менен эле чечип алышкан. Буюрса, Бакыт жакын арада арзыганы Наргиза менен баш кошкону жатат.