Казак, Кыргыз акындары айтышат
№304 29-август - 4-сентябрь
27-августта кыргыз төкмө акындар арасында 29-30-август күндөрү боло турган казак-кыргыз акындар таймашына тандоо туру болуп өттү. Таймаштын шарты боюнча тандоочу турга кыргыз акындарынын арасынан сегиз адам казак төкмө акындары менен айтышууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул айтыштын жалпы байге фонду 500 000 сом. Ал эми баш байге 100 000 сом деп билдирет “Айтыш” коомдук фондунун жооптуу катчысы Азамат Болгонбаев.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0