“Кыз Бурак” Нарын шаарынын тургундарынан кечирим сурайт
№311 17-24-октябрь, 2008-ж
Отуз жылдык тарыхы бар “Кыз Бурак” тобу 9-10 октябрь күндөрү Нарын шаарынын драма театрында жеке концертин коюшмак. Бирок, топтун кыздары Бишкекте болуп жаткан ШКУнун саммитине арналган концертке чакырылып калган. Концерттен кечки саат беште чыккан кыздар Нарын шаарына түнкү саат ондо жетишкен. Бул убакта концертке деп келгендер үйлөрүнө эчак тарап кетишкен. Концерттин администратору ар бир көрүүчүгө билеттердин акчасын таратып берген. Мындай окуяга биринчи жолу кабылган кыздар Нарын шаарынын тургундарынан кечирим сурашат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0