Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

АСКАР АКАЕВ ЭСИҢИЗДЕБИ?

№280 14-20-март, 2008-ж.


Мындан 64 жыл илгери 1944-жылдын 10-ноябрында Кемин өрөөнүнүн Кызылбайрак айылында карапайым бүлөдө эркек бала дүйнөгө келген. Маңдай жарыла кубанган ата-энеси ал кезде бул ымыркайдын 2200 жылдык өтмүшү бар кыргыз элинин тарыхында калаар бала болоорун ойго да алышпаган чыгаар. Ал ымыркай кыргыздын туңгуч президенти Аскар Акаев эле. Жаштайынан билимге талпынган бул бала 27 жашында кандидаттык диссертация, 34 жашында доктордук диссертация жактап, илимдин бийик чокусун багынтып, келечекте “Нобель” сыйлыгына татыктуу болууну тилек кылган эле. Бирок, тагдыры башка нукка бурулуп, 46 жашында Кыргызстандын президенти болуп шайланды. Эгемен өлкөнү 15 жыл башкарып, бийлигине нааразы болуп толкуган элге ээ боло албай 2005-жылы Орусияга качып кеткен. Мына, анын мекенинен качып кеткенине быйыл үч жылдын жүзү болду. 24-март босогодо турган кезде сиздер менен кошо бул кишинин өмүр жолун кайрадан эске салууну чечтик.

БАЛАЧАГЫ
Жубайлар Акай менен Асел айымдын бүлөсүндө Аскар бешинчи бала. 1944-жылы жарыкка келген Аскардын балачагы өлкөнүн согуштан кийин оңоло албай жаткан оор жылдарына туш келген. Балачагы жөнүндөгү баяндарда: “Атамдын көзү көрбөй калганынан аксакалдарга атамды мен жетелеп барчумун. Айыл аксакалдары чай үстүндө турмуш туурасында аңгемелешишсе, ынтаа менен угуп отурчумун. Көрсө, бул аңгемелер менин турмушумдагы уюткулуу көрөңгөлөр экен”,- деп эскерген жайы бар. Тоо коюнундагы айылда төрөлүп, айыл мектебинен билим алган жаш бала тарыхка өзгөчө кызыгып, атүгүл келечекте тарыхчы болууну максат да кылып койгон эле. Бирок, анын мындай тилеги 6-класска келгенде өзгөрүп кетти. Анткени, бул жылы окутула баштаган физика илими аны баш-оту менен өзүнө тартып кеткен. Бүтүрүү экзаменин тапшыруу кезинде Аскар Акаев химия боюнча лабораториялык тажрыйба жүр­гүзүп, комиссия мүчөлө­рүн таңкалтырды. Алардын ичинен бирөөнүн: “Мобул бала өзүнүн тажрыйбалары менен лабораторияны жарып жибергиче алтын медаль бере салалы”,- деп айтканы бүтүрүү­чүлөрдүн эсинде калды. Ошентип, окумуштуу, физик болууну эңсеген жигит 1961-жылы орто мектепти алтын медаль менен аяктап, билим алууну эңсеп, айылдын чаңдуу жолдорунан борборду көздөй сапар алды.

СТУДЕНТТИК КУРАГЫ
Ал кездин шарттарына ылайык, окууга тапшыраардын алдында эмгек тажрыйбасынан өтүү керек болчу. Андыктан, Аскар Акаев өзүнүн эмгек жолун “Фрунземашта” ширетүүчү болуп иштөөдөн баштады. Эмгек стажына ээ болгон соң алгач Фрунзедеги политехникалык институттун механика факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, бир жыл өткөн соң бул окууну таштап койду. Анткени, алдыда башкача пландар бар эле.
1962-жылы Ленинграддагы так механика жана оптика институтуна тапшырат. Алыскы Кыргызстандын тоо коюнундагы айылынан борборго келген жигиттин алгачкы кыйынчылыгы тил маселеси болду. Орус тилин жөнөкөй турмуштук деңгээлде билген жигитке оюнда билип тургандарын илимий тил менен жеткире айтып берүү оор эле. Көкүрөктө умтулуу болсо, тил билбөө адамга тоскоол болбосу анык. Алгачкы курста орус тилинде оңдуу жооп бере албаган жигит 2-курста окумуштуулардын көңүлүн бураар илимий докладдарды жазып, лениндик стипендияга жетишти. Атүгүл Ленинграддагы кыргызстандык студенттерге орус тилинен, математикадан, физикадан консультация берип жүргөндүгүн ошол кезде Ленинградда окугандар көп эскеришет. Алардын бири Мурат Калиев: “Жердеш студенттер бири-бирибиз менен тыгыз байланышта болчубуз. Кимдир-бирөө орус тилинен же математикадан кыйналып жатса, сөзсүз жардамга келип, биргелешип аракет кылаар элек. Биздин жатаканада студент Акаевдин каалгасынын тышында консультациялардын графиги дайыма илинип турчу”,- деп эскерет.
Ошентип, окууга, студент жердештерине жардам берүүгө да жетишип жүрүп, институтту кызыл диплом менен бү­түргөн соң ошол эле окуу жайда аспирантурага калып, 27 жашында кандидаттык диссертациясын жактайт. Бул диссертация тууралуу илимий чөйрөдө кызуу талкуу жүрүп, “Вечерний Ленинград” гезити “илимге ар тараптан өнүккөн, абдан таланттуу жаш окумуштуу келди” деп жазып чыккан. Келечегинен көптү үмүттөндүргөн бул жаш окумуштуу 34 жаш курагында 1981-жылы техникалык илимдер боюнча доктордук диссертациясын Москва шаарында жактайт.

ӨМҮРДҮН ЖАЗЫ
Өмүрдүн жазы болгон студенттик курак кантип арзуу-ашыктыксыз өтсүн. Мындай сезимден Аскар Акаев да куру калган жок. Айтылуу окумуштуулардын көңүлүн бурган атактуу да, жылдыздуу да бул жигиттин жүрөгүн ким ээлээри жердеш кыздары үчүн табышмак эле. Көп кечиктирбей мындай күн да келди. Аспирантурада окуп жүргөн жигит 5-курстун студенти Майрам Акаева менен жердештер уюштурган кечелердин биринде таанышып калат. Жылдызы келишкен эки жаш 1970-жылдын 28-июнунда баш кошуу аземин өткөрүшөт. Студенттер, аспиранттар менен бирге Неваны жээктей көңүл ачып баш кошуу аземин өткөргөн экөөнүн кичи мекениндеги тою өзгөчө болгон. Майрам Акаеванын айтымында, баш кошушкан соң Фрунзедеги кайнагасынын үй­ү­нө өзү жалгыз келген. Ал күндөрдү Майрам Акаева “кайнагамдын үйүндө мени кайненем күтүп туруптур. Кыргыздарда мын­дайды элестетүү кыйын, жаңы келин жалгыз келатса...” деп эскерет. Баш кошушкандан эки жылдан соң алардын тун кызы Бермет, андан төрт жылдан соң уулу Айдар төрөлөт. Ошондон соң Акаевдердин бүлөсү Ленинграддан Фрунзеге көчүп келишет.
Ассистенттиктен Илимдер академиясынын президенттигине чейин Ленинграддын илимий чөйрөсүнө аты чыгып калган жаш илимпоз Фрунзеге келген соң политехникалык институтка кенже ассистент болуп кызматка кирет. Көп убакыт өтпөй айланасына таланттуу жаш окумуштууларды чогулткан Аскар Акаев бир нече жыл бою илимий иштер менен катар институтта окутуучулукту аркалап жүрүп отурат. Ошентип, эмгек жолун кенже ассистенттиктен баштаган ал 1989-жылы Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын президенти болуп шайланат.

ЭГЕМЕНДҮҮ ӨЛКӨНҮН ТУҢГУЧ ПРЕЗИДЕНТИ
Илимдер академиясын бир жыл жетектеген илимпозду 1990-жылдын 12-октябрында Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин кезексиз жыйынында мамлекеттин президенттигине шайлашат. Бир жылдан соң 1991-жылдын 12-октябрындагы жалпы элдик шайлоодо Аскар Акаев эгемендүү Кыргызстандын туңгуч президенти болуп шайланган. Беш жылдык мөөнөт өткөн соң 1995-жылдын 24-декабрында кайрадан президенттикке өз талапкерлигин коюп, бул ирет да атаандаштарынан алга озуп чыгып, экинчи мөөнөткө президент болуп калат. Эгер биринчи президенттик шайлоо «демократиялык негизде таза өттү» деп бааланса, экинчи шайлоо мындай баага татый албаган. Батыштын көз карандысыз байкоочулары бул ирет Кыргызстандагы президенттик шайлоолордо бир топ мыйзам бузуулар болгондугун айтып чыгышкан.
Негизи, Аскар Акаевдин өмүр таржымалы тууралуу кеп кылганда аны президент болгонго чейин жана президент болгондон кийин деп экиге бөлүп караса болчудай. Анткени, илимий чөйрөдө жүргөн кезинде бул киши өз элинин сыймыгы, илимдин кадырман кишиси болчу. Бирок, анын саясаттагы орду мындай бийиктикти багындыра алган жок.

ҮЙБҮЛӨСҮ
Кыргызда “эркекти бар кылган да аял, жер менен жер кылып жок кылган да аял” деп айтылат. Бүгүнкү күндө Аскар Акаев туурасында кеп козголсо, туңгуч президент боло туруп өз мекенинен качып кетишине анын жубайын күнөө­лөгөндөр четтен табылат. Акаевдердин бүлөсү Кыргызстанга кайтып келген соң Майрам Акаеванын айтымында, Фрунзеде батирден-батирге көчүп жүрүп катуу кыйналышкан. Аны Аскар Акаевдин Ленинграддагы илимий жетекчиси билип калып, Турдакун Усубалиевге кат жазат. Натыйжада, ал кездеги эң эле престиждүү болуп саналган “Миң түркүн” дүкөнүнүн үстүнөн Акаевге 3 бөлмөлүү үй берилген. Бул үйдө алар 10 жыл жашап, Саадат аттуу кыздуу, Илим аттуу уулдуу болушкан.
Бермет Акаева Москва мамлекеттик университетине өтүп, үчүнчү курстан соң Швейцариядан билим алууга жолдомо алып, окууну ошол өлкөдөн аяктайт. Андан соң Швейцариядагы БУУнун өкүлчүлүгүнө ишке кирет. Кийин Кыргызстанга келип “Алга, Кыргызстан!” кыймылын түзгөнгө жетишет. Парламенттин үчүнчү чакырылышына өз талапкерлигин коюп, депутаттык мандатка жеткен. Бирок, төңкөрүштөн соң сот Бермет Акаеваны мандаттан ажыраткан. Кийинчерээк Кемин шайлоо округунан иниси Айдар Акаевдин ордуна кайрадан депутаттыкка талапкерлигин коёт. Бул иш үй түрмө, андан соң Бермет Акаеванын Кыргызстандын аймагынан чыгарылып салынышы менен аяктаган. Туңгуч президенттин тун кызы казакстандык Адиль Тойгонбаев аттуу бизнесменге турмушка чыгып, Айтегин аттуу уулдуу болгон. Кызыгы, президенттин тун небереси да 10-ноябрда, Аскар Акаевдин туулган күнүндө жарыкка келген.
Айдар Акаев алгач Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алияга үйлөнүп, оту күйүшпөй ажырашып кетет. Кийинчерээк жаш журналист кыз Сайкал Чокубаевага баш кошуп, Айтеңир аттуу уулдуу болот. АКШнын Мэриленд шаарынан билим алган Айдар Акаев алгач Кыргызстандын Финансы министринин кеңешчиси болуп иштейт. Кийин Бокс федерациясынын президенти, андан соң Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетинин президенти болуп шайланат. Парламенттин үчүнчү чакырылышына Кемин шайлоо округунан депутат болуп шайланат. Бирок, төңкө­рүштөн соң атасы менен кошо качып кетип, бир да жолу ЖКнын жыйынына катышкан эмес. Көп өтпөй Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен депутаттар добуш берүү аркылуу аны мандатынан ажыратышкан.
Саадат Акаева Фрунзеде төрө­лүп, орто мектепте окуп жүрүп, атасы президент болгон соң Швейцариянын Женева шаарындагы мектептен билимин уланткан. Жогорку билимди АКШнын Бостон калаасындагы Тафт университетинен алган. Окууну бүткөн соң Вашингтондогу Бүткүл дүйнөлүк банкта иштеп баштап, учурда Австриянын борбору Венада иштеп жүргөнү маалым.
Экс-президенттин кенжеси Илим Акаев 1984-жылы төрөлгөн. Ал да эжеси Саадат сыяктуу алгач Бишкекте окуп жүрүп, кийин эжеси Берметтин талабы менен Швейцариядагы бийик Альпы тоосунун боорундагы кичинекей Лизана айылындагы мек­тептен окуусун уланткан. Мектептен соң АКШ­дагы Жорж Вашингтон университетинин математика факультетинен билим алган.

24-МАРТ
“Көкөтөйдүн ашы, көп чырдын башы” делинип “Манаста” айтылгандай, 24-марттагы төңкөрүшкө түрткү болгон чырдын башы ЖКга депутаттык шайлоо болду. Депутаттык шайлоодо Бермет Акаева баш болгон Алга, Кыргызстанчылар! түрдүү ыкмалар аркылуу мыйзам бузуп, мандатка ээ болуп жаткандары карапайым элдин кыжырын келтирди. Ал эми Акаевдин оппоненттери оор турмуштан каржалып, кыжыры кайнап турган элдин каарын ыктуу пайдаланып, Акаевди ээрден шыпыра чабышты.
Алгач депутаттык шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон түштүк эли, кочкордуктар митингге чыгышып, мындай толкундар тездик менен жылып отуруп бүткүл республиканы кучагына алып, борбор шаар Бишкекке келип жетти. Жоош-момун кыргыз элинин мындай аракети кошуна өлкөлөр­дү эле эмес, бүт­күл дүйнөлүк коомчулукту таңкалтырды.
2005-жылдын 24-мартында Бишкектин борбордук Алатоо аянтына чогулуп, Өкмөт үйүн көз­дөй жылып бараткан кылкылдаган элдин сүрү чынында кооптуу болчу. Миңдеген элдин сүрүнөн чочулаган Акүй коргоочулары аларды эч кандай тоскоолдуксуз Өкмөт үйүнө киргизип жиберишти. Маалыматтар боюнча, бул учурда президент Аскар Акаев Орусияны көздөй качып бараткан болчу. Бул күн мекендештерибиздин эсинде биротоло сакталып калаары анык. Анткени, Өкмөт үйү алынган түнү Бишкек талоончулардын колунда калды. Айрыкча “Акаевдин бүлөсүнө таандык” деп айтылып жүргөн “Народный” сындуу дүкөндөр катуу талкаланды. Эртеси шаарды акыр-чикир каптап, ал эми чыгыш тарабын түтүн чулгап жатты. Анткени, кытайлар менен биргелешип салынган “Гоин” соода борбору өрттөнүп жаткан.

“ЭРКЕ КҮЙӨӨ БАЛА”
“Кыргызстандын эрке күйөө баласы” деген лакап ат Адиль Тойгонбаевге таандык экенин жалпы журт жакшы билет. Аскар Акаевдин бийлигинин акыркы жылдарында анын күйөө баласынын арааны ашыкча ачылып кеткени көп айтылып жүрөт. Маалыматтар боюнча, Адиль Тойгонбаев ошол кезде Кыргызстандын эң бай адамы болуп чыга келген. Төң­көрүш­төн соң массалык маалымат каражаттары Кыргызстан экономикасынын негизги тармактары телекоммуникация, транспорт, авиа жол каттамдары, энергетика, алкоголдук товарлар, бензин бизнеси жана бир катар банктар Адиль Тойгонбаевдин көзөмөлүндө жүргөнү тууралуу маалымат таратышкан. Ошондой эле “эрке күйөө баланын” карамагында мамлекеттеги бирден бир ири Кант цемент-шифер заводу, КООРТ телеканалын жана “Вечерний Бишкек” гезитин бириктирген медиахолдинги бар экендиги да маалым болгон.

ЖҮЗДӨН АШУУН КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛГОН
Аскар Акаев Орусияга качып кеткен соң анын үстүнөн 4 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен негизгиси – Аскар Акаевдин буйругу менен эч кандай финансылык документтери даярдалбай туруп Швейцарияга чыгарылып кеткен 1 миң 635 килограмм алтын (баасы 17,25 миллион долларды түзгөн) жана Финансы министрлигинен алынган 500 миң доллардын чыры. Башкы прокуратура экс-президенттин дарегине канчалаган айыптарды коюп, жогоруда аталган сумманы “мамлекеттин эсебине кайрадан төлөтүп алабыз” дегени менен иштин биринен да жыйынтык чыккан жок.
Айдар Акаев, Адиль Тойгонбаев, премьер-министр Николай Танаев жана башка дагы бир топ экс-президенттин жакындарынын үстүнөн жалпысы болуп 100гө жакын кылмыш иши козголгон. Данияр Үсөнов жетектеген атайын комиссия Акаевдин бүлөсү мамлекеттеги 42 ири ишкана, фирмаларды менчиктештирип алгандыгын жар салган. Тилекке каршы, ал кылмыш иштеринин бири да сотко чейин жеткен жок. Мамлекеттин эсебине бир тыйын да кайтарылган жок.
Өзүнүн дарегине канчалаган айыптар коюлуп, кылмыш иши козголбосун, Аскар Акаев: “Баарыбир мени Кыргызстандын туңгуч президенти катары тарыхтан өчүрүп сала алышпайт”,- деп чет жердик ММКларга интервью берип, Орусияда тынч гана күнүн көрүп жүргөн кези. Орусиядан баш калка алган экс-президент азыр МГУнун Пригожин атындагы татаал системаларды математикалык из­илдөө институтунун башкы илимий кызматкери катары иштеп жүрөт. Келечекте МГУнун профессору катары студенттерге лекция окушу мүмкүн экендигин да айтат. Ал эми Майрам Акаева жакынкы күндөрү Москвада журналисттерге берген интервьюсунда китеп жазуу менен алек экендигин, ал китеп жарыкка чыгаары менен Бишкекке келип, бет ачарын өткөзөөрүн билдирген. Учурда Акаевдер Подмосковьеде жашашат.

Даярдаган Шаиста Шатманова



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: