Жанетанын концертинде кырсык болду
№317 28-ноябрь - 4-декабрь, 2008-ж
Ырчы Жанета Бобкова жакында эле Спорт Ордосунда күйөрмандарынын башын кошуп Денис экөөнүн сахнадагы өмүр жолдорунун 10 жылдыгын белгиледи. Концертке кызынын жакшы ырдашына өбөлгө болом деп алыстан ырчынын апасы келген. Жанета ырдаганы сахнага чыкканда аны апасы бетинен өөп көшөгөнүн артында калган. Ырчы кеткенден кийин апасы капысынан тепкичтен тайып кетип жыгылган. Жыйынтыгында, колу чыканагынан чыгып кеткен. Кудай жалгап, бул иш Жанета акыркы ырларын созуп жатканда болгон. Концерт бүтөөрү менен ырчы апасын №3 балдар ооруканасына жеткирип, чыккан чыканагын салдырган.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0