Нурдөөлөт мектебине спектакль коёт
№319 12 - 18-декабрь, 2008-ж.
Белгилүү актёр Нурдөөлөт Копоев 10 жыл окуган мектебине барып келди. Акыркы учурларда ал окуган мектеп эскилиги жетип, урай баштаган. Жада калса окуучуларды басып калган да көз ирмемдер болгон. Эми ал күндөрдүн баары артта калып, жаңы мектеп курулуп, ачылыш аземине Нурдөөлөт да барды. Актёр ал жактагы таланттуу балдардын көптүгүнө абдан ыраазы болгон. Талантуу окуучуларды көргөндөн кийин Нурдөөлөт март айында мектебине спектакль коюуну чечти. Учурда ал спектаклге ылайык костюм тиктирүү аракетин көрүүдө.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0