Август айынын ар бир түнүн жылдыздар “Тумар” радиосунда өткөрүшөт. Саат түнкү 23.00дөн 01.00гө чейин ырчылар, телеалпаруучулар, көрүнүктүү шоу-бизнес өкүлдөрү эл билбеген сырларын радиодо айтып беришет. Оюн-тамашалар менен коштолгон бул программада угармандар өзү сүйгөн жылдызынын жанында түз эфирге катышууга мүмкүнчүлүк алышат. Ошондой эле активдүү катышуучуларга көптөгөн белектер ойнотулат. Жайдын жагымдуу түндөрүндө биринчи чыгыш радиосунда болуп, сүйүктүү ырчыңыз менен баарлашып, белектерди утуп алыңыз.