Назира киного тартылды
№354 14-20-август, 2009-ж.
Куудул Назира Жетигенованы эми кинодон да көрүп калат окшойбуз. Жакында эле Келсинбек Атабековдун “Кылмыш” тасмасынын уландысы “Кылмыш-2” тартылып бүттү. Аталган фильмде Назира тажаал аялдын образын жаратты. “Киного тартылуу кыйын эле экен. Бул ролду мыкты аткарышыма сахнада аялдын ролун ойноп жүргөндөрүм жардам болду окшойт” дейт куудул айым. Бул киного куудулдан сырткары Бегимай Бекбоева, Эрмек Маматовдор да катышышкан.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0