Бегимай бир кырсыктан аман калды
№356 28-август - 3-сентябрь, 2009-ж.
Ырчылар катышкан “Кылмыш-2” тасмасындагы башкы каарман Элянын ролун аткарган Бегимай Бекбоева съёмка учурунда кырсыкка кабылды. Сценарий боюнча скутер менен көлдө жүргөн ырчы тездикте бурулмакчы болуп, сууга кулап кеткен. "Кырсык каш-кабактын ортосунда" демекчи, ырчы кыз аз жерден чөгүп кете жаздады. Тасмада Бегимайдын сүйгөнүнүн ролун аткарган жигит ошол жерден эрдик кылып, ырчыны куткарып калыптыр.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0