Жылдыз Орусиянын ордени менен сыйланды
№357 4-10-сентябрь, 2009-ж.
Лейлектин келини Жылдыз Тутуева “Орусиянын маданиятына эмгек сиңиргендиги үчүн” ордени менен сыйланды. “Жылдыз Кыргызстанда жүрүп эле Орусияга кантип эмгек сиңирди?” деп таң калбаңыз. Анткени бул ырчы Орусиянын Чита шаарында төрөлүп өскөн. Дайыма Чита шаарына барып концерт берип, шаардын депутаты Иосиф Кобзон уюштурган концерттерге катышып жүргөн. Эки элдин жараны болгон Жылдызга бул сыйлыкты 31-август Эгемендүүлүк күнү Орусиядан берип жиберишкен.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0