ИЛЬЯЗ 22-ТУУЛГАН КҮНҮН БЕЛГИЛЕДИ
№377 22-28-январь, 2010-ж.
Таланттуу ырчы Ильяз Абдыразаков жыл сайын 21-январда туулган күнүн өзгөчө өткөрүп келет. Быйыл ырчы 20-январда досторун, байке-инилерин чогултуп футбол ойноду. Кечке чейин чаалыккан коноктор түнкү саат 12 болгондо тост айтып, Ильязды биринчилерден болуп куттукташты. Ал эми 21-январь ырчынын туулган күнүндө коноктор эртең менен пейнтбол ойношсо, түштө тоого чыгып лыжа тебишти. Ал эми кечинде шишкебек бышырып майрамды улантышты. Ильяздын туулган күнүндө эмне кызыктар болгонун гезитибиздин келерки санынан окуйсуздар.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0