КАНАТ СҮЙҮҮ КҮНҮНДӨ НАРИСТЕЛҮҮ БОЛДУ
№381 19-25-февраль, 2010-ж.
Кикбокс боюнча профессионалдар арасында Дүйнө чемпиону аталган даңазалуу спортчу Канат Сыдыгалиев уулдуу болду. 14-февралда салмак категориясы 3 килограмм 200 грамм болуп төрөлгөн наристеге үй-бүлөсү кеңешип, Жоомарт деген ысым ыйгарышты. Канаттын жубайы Айжан атактуу акын-драматург Жоомарт Бөкөнбаевдин небереси экендиги белгилүү. Сыягы наристени легендарлуу акындын урматына аташкан өңдүү. Кубанычы коюнуна батпаган ата: «Айжан экөөбүздүн баш кошконубузга 4 жыл болду. Ата болуу бактысын 4 жыл күттүм. Учурда бакытка мас болуп турган кезим»,- дейт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0