Май айынын башында “Кеңеш” тобу эки күндүк концерт бермек. 1-майдагы концертине 700 киши келип, ал күнкү концерт өткөн. Бирок 2-күнү “эл аз экен, кеткен чыгымды актабай калат” деп корккон Мүзүр менен Гүлмира концерт коюшкан эмес. “2-күнкү концертти деле койсок болмок экен. Анткени тааныштардын айтымында, ал күнү деле эл келиптир” деп бармагын тиштеп калышты. Өткөн ишке өкүнбөйлү дешкенби, айтор, «Кеңеш» тобу жергебиздин жети дубанын түрө кыдырып, гастролго аттанышмакчы.