ЭЛИНА СУЛУУ «КОШ БОЙЛУУ»
№399 25-июнь - 1-июль, 2010-ж.
Эрнест Абдыжапаровдун “Троллейбус” аттуу кыска метраждуу жаңы эле тартылып бүткөн тасмасында жаш актриса Элина Абай кызы кош бойлуу айымдын ролун жаратты. Баарынан кызыгы, съёмка учурунда ачка болуп кеткен актриса жасалма курсагын унутуп эле көчөгө чыгып кеткен. Сатуучулар Элинанын курсагын карап ооздору ачылып калыптыр. "Ошол окуядан кийин эл арасында "Элина кош бойлуу" деген сөз тарап кетиптир",- дейт актриса кыз күлүп.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
4