Өзбекстандын расмий бийлиги улуттук телерадиокомпания жана басылмаларда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атын атоого жана ал тууралуу маалымат берүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Өзбекстандагы көз карандысыз “Харакат” интернет басылмасы билдирет. Маалымат булагына таянсак, мындай чечим Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы кан төгүүгө байланыштуу жооп иретинде президенттик аппараттын жыйынында кабыл алынган. Расмий түрдө мындай чечимдин себеби так аталган эмес. Ошол эле учурда Өзбекстандын адабиятчылары жана байкоочулары мындай тыюу салууну “акылга сыйбас” деп аташууда. Анткени маркум улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов өзүнүн чыгармаларында адамдарды гумандуулукка үндөп келген.
Балким, буга Кыргызстанда Юлдуз Усманованын чырдуу ырына байланыштуу башталган айрым акциялар себеп болгондур. Анткени Казакстандын телеканалдарынан бир канча жолу ырчынын дисктери талкаланылып, чыгармалары радиолордун обосунан алынып салынгандыгы көрсөтүлгөн. Кантсе да жаңжалды жайгаруунун ордуна Өзбекстандын мындай кадамга барышы түшүнүксүз.
Сизди Азыркы муун да, кийинки муун да, андан аркы муундар да улутуна, заманына карабай угуша турганын баарыбыз билебиз. ЧЫНГЫЗ-КЫРГЫЗ! эч качан кырып буто албайт!
Биз жоготууга учурабайбыз кандай болгон учурда да, жоготууга учураган мына анык өздөрү болушат. Кыскасы - Жети өлчөп бир кессишсин. Кийин "аттин" деп калбасын.
http://www.super.kg/ipb/index.php?showtopic=27749&pid=396703&st=0entry396703
азаматсын!!
сага кошулам. Чын эле Жылдыз биздин Чынгызга тен эмес.
Кaзaкстaндын бизди колдогонунa суйундум...
Алтынды дат баспайт да, Чыңгызга эмне кыла алышат? Эч нерсе