Эки ай мурун кандуу окуя болуп өткөн Ош шаарындагы мектептерге 350 мугалим жетишсиз болууда. Алардын ордун толуктоо үчүн Оштун ЖОЖдорунда жогорку курстарда окуган студенттер ишке алынышы мүмкүн. Бул тууралуу президенттин кеңешчиси Виктор Черноморец билдирди. Анын айтымында, жумушка алынган студенттер айлыктан тышкары социалдык коргоо менен камсыздалат. Учурда бул сунуш өкмөткө жөнөтүлгөн.
Ал эми 1-сентябрга саналуу күндөр калгандыктан, мектеп жана ЖОЖдордо коопсуздукту сактоо үчүн студенттик күзөт түзүлүп жатат.
Расмий статистика боюнча, Ош шаарында 57 мектеп бар. Анын 14ү кыргыз тилдүү, 22си өзбек тилдүү, 9у орус тилдүү. Калган 12 мектеп аралаш тилдүү болуп саналат.