22-августта футбол боюнча КРнын Көз карандысыздык кубогунун финалчылары аныкталды. "Дордойчулар" жарым финалда канттык "Абдыш-Атаны" жеңишсе (Бишкекте жана Кантта 1:0 эсебинде), "нефтичилер" “Нефтичи-2” командасын токтотушту. Кызыгы, "нефтичилер" өзүлөрүнүн орун басарларын жалпы эсепте 18:2 эсебинде (1-оюнда 10:1, 2-оюнда 8:1 эсеби катталган) артта калтырышты.
Финал 31-августта өтөт. Бирок кайсы шаарда экени чечиле элек. Азырынча Кант, Кара-Балта жана Кочкор-Ата шаарлары талапкер болууда.