СТАЛБЕК МЕНЕН АЛЕКСЕЙДЕН ҮМҮТ ЧОҢ
№415 15-21-октябрь, 2010-жыл.
8-10-октябрь күндөрү Алматыда ушу саньда боюнча Казакстандын ачык чемпиондугу болуп өттү. Ага мыкты казак клубдарынын өкүлдөрү менен катар эки мекендешибиз да катышып, намысыбызды татыктуу коргоп келишти. Келечектен көптү үмүттөндүргөн “гермесчилер” Алексей Федосеев (60) менен Сталбек Дарканбаев (70) 4 жолудан беттешке чыгып, жыйынтыгында алтын медаль тагынышты. Алексей чемпиондукка кошо “Мелдештин мыкты техника ээси” наамына да ээ болду. Алдыдагы “Гуанчжоу-2010” Азия оюндарынан эки спортчубуздан үмүт чоң.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
1