САПАР ЭМНЕ ЖЕП САЛМАК КОШУУДА?
№415 15-21-октябрь, 2010-жыл.
Орто бойлуу, 55 килограмм салмактагы Сапар Эркебаевди азыр күйөрмандары тааныбай калышкан. Шайлоонун үгүт иштери менен Баткенде жүргөндө кыздар ырчынын өзүнө келип: “Эркебаевден кол тамга алсак болобу?”- дешкен. Сапардын азыркы турпатын көргөндөр “бул эмне жеп толуп жатат?” деп таң калышы толук мүмкүн. Анткени 55ке 30 килограмм салмак кошуп, 85 килограммды басып түштү. Толгондугун ырчы: "Эми курсак байлачу маал келди, жаш курак өттү дегендей..."- деп түшүндүрүүдө.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0