Кыргызстанда ар бир шайлоо сөзсүз кайсы бир чуулгандуу иш менен эсте калары адат болуп калды. Бул жолу Адахан Мадумаров жетектеген “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тегерегинде болуп жаткан талаш-тартыштар көңүл чордонунда.
Шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча, 5 пайыздык чектен ашкан партиялардан кийинки эле орунду ээлеп, “Бүтүн Кыргызстандын” топтогон добушу 4,84 пайызга (145 миң 455 кишинин добушу) жетти. БШКнын шайлоого чейинки маалыматына таянган партиянын өкүлдөрү 5 пайыздык чекти басып өткөнүн жарыялап жиберишкен. Көп өтпөй, кубанычына суу сепкендей эле, бул маалыматты БШК жокко чыгарды. Анын артынан жер-жерлерде “Бүтүн Кыргызстанды” колдогон нааразычылык акциялар башталып кеткен.
Шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыялана элек. Ошондуктан Адахан Мадумаров башкарган партия БШКнын бүтүмүнө бүгүлүп береби же аны бүлүндүрүүгө жетишеби, азырынча белгисиз.
"мен президент, сен премер минстр, сен дагы башкасы" деп эле башы корунгондор болушуп алса болмок.Алар эмес биз деле уялып калдык го.