Ар жылы “Супер-Инфо” гезити “Супер сулуу” сынагын өткөрүп келет. Мына ошол сынактын биринчи этабы соңуна чыгып, финалга чыккан акыркы сулуунун атын жарыялап жатабыз. Өткөн аптадагы жыйынтык боюнча
www.super.kg сайты менен SMS билдирүүнү кошкондо Асыл 58 добуш алып финалга чыкты. Ал эми Эрика 54 добушка ээ болду.
Урматтуу окурман, финалга чыккан сулуулардын купальникчен сүрөттөрү кийинки саныбызга жарыяланат. Алардын арасынан кимиси кыштын кыраан чилдесинде укмуштуу Таиландга жолдомо жеңип аларын өз көзүңүз менен көргүңүз келсе, 29-ноябрда Спорт Ордосунда өтүүчү концертибизге келиңиз.
ар бир адам озунчо сулуу...