ОТОРБАЕВ ОРУН БОШОТТУ
№418 5-11-ноябрь, 2010-жыл.
“Ата Мекен” партиясынын тизмесинде үчүнчү болуп катталган Жоомарт Оторбаев ордун бошотту. Ал партияда экономикалык программаны иштеп чыккан. Эми депутаттыктан баш тарткандыгын билдирди. Ал “менин билимим жана тажрыйбам өлкөгө көбүрөөк пайдасын тийгизген тармакта колдонулушу керек” деп эсептейт.
Чынында эле “кнопка баскыч” же “куру ураанчы” деген атка конгуча, өлкөнүн аксаган экономикасына салым кошкону дурус да.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0