КУШ КАБАР
№422 3-9-декабрь, 2010-жыл.
-
Жыл жаңырар алдында Мирбек Иманбеков өзүнүн жеке концертин берүүнү пландап жатат. Убактысы азырынча так чечиле элек. Ырчынын бул ою ишке ашып калса, Мирбектин күйөрмандары жаңы ырларына күбө болушмакчы.
-
Султан Садыралиев “Эгиз жүрөк” аттуу жаңы ыр жаздырууда. Ырдын обону ырчынын өзүнө таандык болсо, сөзүн Кундуз Качкынбаева жазган. Баса, Султан аталган ырга дароо клип тарттырам деп шымаланып турган чагы.
-
"Кыз-Бурак" тобунда ырдап жүрүп турмушка чыккан Кенже, Гүлнара жана Айжамал өздөрүнчө топ түзүштү. Топтун аты "АГК" деп аталат.
-
KG Элмурат декабрь айынын аягында Түркияда өтүүчү “Саманчынын жолу” сынагына сапар алат. Аталган сынакка түрк тилдүү мамлекеттердин ырчылары катышмакчы.
-
Чолпонайдын жакын курбу кызы 4-декабрда турмушка чыгат. Ырчы кыз колуктунун курбусу болуп дайындалса да, “Супер-Инфонун” концертине жетишип келем деп даярданууда.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0