НАЗИРАНЫН ЫРЫ ЭМИ ӨЗГӨЧӨ ЖАҢЫРАТ
№422 3-9-декабрь, 2010-жыл.
Мүмкүнчүлүгү чектелген баланын ырдаганын угуу, талантына күбө болуу өтө аянычтуу. "Аттиң, ушул баланын дени-карды соо болсо эмне?!" деп баш чайкайсың. Декабрь айында Спорт Ордосунда майып балдар ырчылар менен биргеликте концерт беришерин өткөн саныбызда жазган элек.
Назира Токонованын “Сага” деген ырын улуу муундан тарта жаш балдарга чейин жакшы көрүп ырдашарын билебиз. Ошол ырды Назира эми Майып балдар үйүндөгү 10 жаштагы Гүлнур менен чогуу ырдамакчы. Ырчы кыз он күндөн бери Гүлнур менен концертке бирге даярданып жатат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
2