ОШТО 16 КАБАТТУУ ҮЙ КУРУЛАТ
№427 7-13-январь, 2011-жыл.
Июнь окуясынан катуу жабыркаган Ош шаары акырындык менен өз калыбына келтирилип жатат. Аталган шаарда 16 кабаттуу турак үйдүн пайдубалы тургузула башталды. Үй толугу менен быйылкы жылдын сентябрь айында бүткөрүлөрү айтылууда. Ал 128 батирден турмакчы.
Андан сырткары Нью-Йорк шаарында Кыргызстанда жашаган 8 миңден ашуун үй-бүлөлөргө жардам берүү тууралуу маселе көтөрүлдү. Алардын катарына акыркы
10 жылда түрдүү кырсыктардан жапа чеккендер кирген. Айтмакчы, донорлордун жардамы менен Ош жана Жалал-Абад шаарында былтыркы жылы 2 миңге жакын убактылуу үйлөр тургузулду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0