|
![]() №445 ![]() ![]() 7-майда WBO версиясы боюнча жарым орто салмакта чемпион филиппиндик Мэнни Пакьяо чемпиондук наамын ийгиликтүү коргоду. Антсе да Бүткүл дүйнөлүк бокс кеңеши тарабынан (WBO) соңку он жылдыктын мыкты мушкери болуп табылган Мэнни, көпчүлүк күткөндөй, атаандашын нокаутка учурата алган жок... толугу менен ![]() №445 ![]() ![]() 1-апрелде колумбиялык ырчы Шакира менен испаниялык “Барселонанын” коргоочусу Херард Пикенин мамилеси тууралуу маалымат тараган. Көпчүлүк аны күлкү күнүнө карата тамашадай кабыл алып, “эки жаш” да ал кептерди төгүнгө чыгарып келишкен... толугу менен ![]() ![]() №445 ![]() ![]() Лондондук “Челсинин” кожоюну Роман Абрамович клубга жайкы трансфер үчүн 90 миллион евро бөлдү. Ал клубга борбордук жарым коргоочу, канат жарым коргоочу жана канат коргоочу алуу үчүн бөлүнгөн акча аркылуу сексуалдуу оюн көрүү кыялын ишке ашырмакчы... толугу менен ![]() №445 ![]() ![]() Голландиянын “Венло” футболдук клубу 1 жаш 8 айлык Берке ван дер Мей аттуу балакай менен келишимге барды. Бул ой клуб жетекчилигине анын оюнчук салынуучу кутуга топту таамай багыттаган видеоролигин көргөндөн улам келген. Макулдашуу “жаш оюнчунун” атасы Йорганын көзөмөлүндө 10 жылга түзүлдү... толугу менен ![]() ![]() №445 ![]() ![]() УЕФАнын Чемпиондор Лигасы өткөн аптада финалчыларын иргеп алды. Финалда англиялык “Манчестер Юнайтед” менен Испаниянын “Барселонасы” кез келмей болду. Жарым финалда “Барса” мекендеши “Реалды” жеңсе, “МЮ” германиялык атаандашына көп күч жумшаган жок... толугу менен ![]() №446 ![]() ![]() ![]() Учурда 28-29-майда өтүүчү “Супер-Инфонун” кубогуна ар тараптан даярдык кызуу жүрүп жаткан кез. Бул санда “Ырчылар”, “Гермес-профи”, “ЭлТР” жана “Супер-Инфо” командаларынын курамдары менен тааныштырууну чечтик. Калган 4 команданын курамдарына эмки санда көз чаптыра аласыз. толугу менен ![]() ![]() №446 ![]() ![]() 15-майда Словакияда аяктаган хоккей боюнча 75-дүйнөлүк биринчиликте Финляндия курама командасы финалда Швецияны 6:1 эсебинде утуп, чемпион аталды. Ал эми 3-орун үчүн болгон беттеште чехтер орусиялыктарды жер каратты (7-4)... толугу менен ![]() №446 ![]() ![]() Кличколордун кенжеси Владимир менен 21 жашар америкалык кино жылдыз Хайден Панеттьеринин мамилесин уккан чыгарсыз. Бир жарым жылдан ашуун жылуу мамиледе болуп келген жаштар эми ажырашышты... толугу менен ![]() ![]() №446 ![]() ![]() «Фламенго» футболдук клубунун чабуулчусу Роналдиньонун расмий сайты бен Ладендин радикалдуу тарапташтары тарабынан «талкаланды». Басма сөз кызматтарынын билдирүүсүндө, бразилиялык чабуулчунун сайтына «чабуулду» моджахеддер жасаган... толугу менен ![]() №446 ![]() ![]() Кечээ жакында Бразилия курама командасынын мурунку машыктыруучусу Вандерлей Лушембургу Роналдонун бир сырын ачты. Көрсө, дүйнөнүн үч жолку мыкты футболчусу (1996, 1997, 2002) 1999-жылы Американын Кубогунда памперс кийип ойногон экен... толугу менен ![]() ![]() №446 ![]() ![]() 7-8-май күндөрү Бишкектеги «Стронг» спорттук клубунда кикбокс боюнча өлкө биринчилиги болуп өттү. Биринчилик өлкөнүн ар кайсы облустарынан келген 200дөн ашуун спортчуну жана Казакстандын 3 командасын кучагына алды... толугу менен ![]() №447 ![]() ![]() 20-24-май күндөрү Алматы шаарында таэквондо боюнча 10 мамлекеттин студенттеринин арасында Азия биринчилиги болуп өттү. Жалпысынан 113 спортчуну кучагына алган бул мелдешке өлкөбүздөн 6 спортчу аттанып, 4 коло, 1 күмүш менен кайтып келишти... толугу менен ![]() ![]() №447 ![]() ![]() 22-майда Казакстандын Шымкент шаарында ушу-саньда боюнча эл аралык ири мелдеш аяктады. Кубантканы, ага аттанган Сталбек Дарканбаев (“Гермес-профинин” өкүлү) 70 килограмм салмакта мелдештеги жалгыз таажыны кийип кайтты... толугу менен ![]() №447 ![]() ![]() Мына, эртең 28-майда “Супер-Инфонун” кубогу старт алат. Бул санда калган катышуучу командалардын курамдарын жарыялайбыз. Көпчүлүктүн кызыгуусун суперфутболго алгачкы ирет катышуу тилегин билдирген “Саясатчылардын” курамы туудуруп жаткан чыгар... толугу менен ![]() ![]() №447 ![]() ![]() 19-22-май күндөрү Ташкентте күрөш (эркин, грек-рим жана аялдар арасында) боюнча Азия биринчилиги өттү. Континеттин 21 өлкөсүнүн катышуусундагы аталган мелдеште биздин күрөшчүлөр 5 медаль (1 алтын, 4 коло) бөктөрүштү... толугу менен ![]() №448 ![]() ![]() 24-28-май күндөрү кыргыз туусу эл аралык аренада дагы бир ирет даңазаланды. Калмак Республикасынын баш калаасы Элистада өткөн мини-футбол боюнча көчмөн элдердин кубогунда кыргызстандык “Топ-Юнайтед” байгелүү 3-орунду ээледи... толугу менен ![]() ![]() №448 ![]() ![]() Төмөндө “Супер-Инфонун” кубогу үчүн таймашкан www.super.kg сайтынын колдонуучуларынан түзүлгөн футбол команда тууралуу кеп болмокчу. толугу менен ![]() №448 ![]() ![]() ![]() 29-майда «Супер-Инфонун» 9 жылдыгына карата өткөн футболдук таймаш өз жеңүүчүлөрүн тапты. Түрдүү чөйрөнүн өкүлдөрү күч сынашкан мелдеште «Мегаком» балансын «Супер-Инфонун» кубогу менен толуктаса, спортчулардын атынан чыккан «Гермес-профи» кикбокс клубу бир чанач кымыз менен чектелди... толугу менен ![]() ![]() №449 ![]() ![]() Жакында Үрүмчүдө 15 мамлекеттин 39 командасынын катышуусунда Синьцзянь Эл аралык мелдеши болуп өткөн. Ушунун салттык жана спорттук түрү боюнча өткөн биринчиликке биздин өлкөдөн аттанган 16 спортчу 29 медаль (анын ичинде 10 алтын, 9 күмүш жана 11 коло) утуп кайтышты... толугу менен ![]() №449 ![]() ![]() “Ар бир чемпиондун машыктыруучусу болот” дегендей, спортто машыктыруучунун ролу чоң. Төмөндөгү каарманыбыз Самарбек Жайылганов 21 жашында дзюдо боюнча республикалык мелдешти жеңип алган соң спорттук карьерасына чекит коюп, жаш спортчуларды тарбиялоого өткөн... толугу менен ![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул рубрикага кирди:
|