|
![]() №217 ![]() ![]() Кыргызда не деген мыкты спортсмендер бар. Аларга мамлекеттин тиешелүү деңгээлдеги колдоосу менен олигархтардын акчасы гана жетишпейт, болбосо бизден ондогон эмес, жүздөгөн чемпиондор чыкмак. Өтүп жаткан ит жылында ийгилик жараткан спортсмендерди кубаттап коштоп туруу жалпыбыздын парзыбыз. Андыктан, жыл соңунда төбөсү элге көрүнүп, эл оозуна алынып калган айрым спортчулардын ийгиликтери тууралуу сөз учугун козгоп коюу ашыктык кылбас. толугу менен ![]() №219 ![]() ![]() Жакында эле теннисчи жылдыздардын үй-бүлөсү Штеффи Граф менен Андре Агасси чоң спортко кайрылып келээрин билдиришти. Андан мурда теннисчи жубайлар Жаз аттуу кыздуу болушкан. Агасси кызын колго алып, Штеффи менен беш, кудай берсе алты балалуу деле болууну каалагандыгын айткан. Эки супер теннисчинин сүйүү баяны Штеффи 32, ал эми Агасси 31 жашка келгенде башталган. Алгач, гезиттерде лондондук ресторандардын биринде экөөнүн өбүшүп жаткан сүрөтү жарыяланган. Бирок, сүрөттөр журналисттердин... толугу менен ![]() ![]() №220 ![]() ![]() Англиянын «Ливерпуль» футбол клубу арабдарга сатыла турган болуп калды. Команданын аткаруучу директору Рик Пэрри мойнуна алгандай, команданын араб шейхи Рашид Аль-Мактубга сатылышы жакынкы мезгилде расмий түрдө катталып жарыяланат. Бул келишимдин алкагында шейхтин атынан «Дубай Интернешнл Кэпитал» компанияларынын тобу клубга 882 миллион доллар... толугу менен ![]() №221 ![]() ![]() “Учуучу голландец” кличкалуу футболчу Рууд Гуллит 1962-жылдын 1-сентябрында Голландиянын (Нидерландия) борбору Амстердамда төрөлгөн. Апасы голландиялык болсо, атасы Түштүк Американын Суринам өлкөсүнөн чыккан. Рууддун учурундагы оюн талаасындагы орду жарым коргоочу, чабуулчу болгон. КИЧИНЕКЕЙ ЧЫГААН ОЮНЧУ Голландия футболунун тарыхы эки «алтын муунду» билет. Биринчиси 70-жылдары жаркырап жанган... толугу менен ![]() ![]() №223 ![]() ![]() Уэйн Гретцки 1961-жылы 28-январда Канаданын Брэндфорд шаарчасында туулган. Улуттук Хоккей лигасында 1465 матчка катышып, 894 шайба киргизип, 1962 ирет голго алып келген пас берген. Беш ирет Стэнли Кубогун алган. Анын «99» номерлүү кийими хоккейдин Атактуулар залына коюлган. 1999-жылдын 8-апрелинде 1962-акыркы натыйжалуу пас берүүсү менен Уэйн өзүнүн 21 жылдык спорттук карьерасын... толугу менен ![]() №226 ![]() ![]() Дүйнөлүк аренада кыргыздын туусун бийик көтөрүп, атын даңазалап келе жаткан спортчулардан уучубуз куру эмес. Ошолордун бири грек-рим күрөшү жаатында улам ийгилик жаратуу менен бийиктикке көтөрүлүп келаткан эл аралык деңгээлдеги спорттун чебери Канатбек Бегалиев экендигин эч ким тана албаса керек. Талас облусунун Бакайата районуна караштуу Өзгөрүш айылында 1984-жылдын 14-февралында туулган ошол азаматыбыз менен маек курган элек. Эмесе сөз кезеги... толугу менен ![]() ![]() №227 ![]() ![]() Спорт жаатындагы “Оскар” сыйлыгына тете “Лаурэс Эуорд” сыйлыгынын номинанттары белгилүү болуп калды. Эркектер арасында ага бул сыйлыктын соңку эки жылдын ээси, дүйнөнүн эң күчтүү теннисчиси швейцариялык Роже Федерер, планетанын мыкты гольф спортчусу америкалык Тайгер Вудс, өткөн жылдагы дүйнөнүн жана Европанын мыкты футболчусу, мадриддик «Реал» жана Италия курама командаларынын... толугу менен ![]() №228 ![]() ![]() ИСЛАМИАДА ЖЕ ХИДЖАБЧАН ЧУРКОО Мусулман аялдар үчүн Олимпиадалык оюндар 1993-жылдан бери ар бир 4 жылда бир Ирандын борбору Тегеранда өткөзүлүп келет. Оюндун башкы максаты – мусулман аялдары да эркектер сындуу тең укукка ээ экендигин далилдөө. Мелдештин ачылышы менен жабылышында гана эркектер катышпаса, калган учурда жалаң аялдарды көрүүгө... толугу менен ![]() ![]() №229 ![]() ![]() Рональд Райт 1971-жылы 26-ноябрда АКШнын Вашингтон шаарында туулган. Бою 1 метр 79 сантиметр. Чабуул коюу аралыгы 183 сантиметрди түзөт. Бокс боюнча дүйнөнүн жарым орто салмактагы абсолюттук чемпиону. Рингге бардыгы болуп 55 ирет чыгып, 51инде жеңип, 3 ирет жеңилип, 1 ирет тең чыккан. Рональд 16 жашка келгенде анын үйбүлөсү Флорида штатына көчүп барышат. Жаңы жерде жаш Рональддын таанышы... толугу менен ![]() №231 ![]() ![]() «Кара кыргыз» кличкалуу Ален Офойо 1982-жылы 1-июлда Бишкек шаарында төрөлгөн. Бою – 1 метр 82 сантиметр, салмагы – 72 килограмм. Кикбокс боюнча Азия чемпиону (2003-жыл). Кыргызстандын 3 жолку чемпиону жана Кыргыз Республикасынын Президенттик кубогунун ээси (2007-жыл). Кикбокс боюнча эл аралык класстагы жана бокс боюнча спорт... толугу менен ![]() ![]() №232 ![]() ![]() Белгилүү футболчу Диего Марадона жакынкы убактарда ооруканадан чыгат. Ал 29-мартта денсоолугунун айынан өзүнүн мекени болгон Аргентинанын борбору Буэнос-Айрестеги Гуэмес клиникасына жаткырылган болчу. Диегонун ооруканага жатканы жеке жашоосуна байланыштуу. Анткени, ал акыркы кездерде мурунку жубайы Клаудиа... толугу менен ![]() №233 ![]() ![]() Елена Исинбаева 1982-жылы 3-июнда Россиянын Волгоград шаарында туулган. Таяк менен бийиктикке секирүү боюнча Олимпиаданын жана Европанын, дүйнөнүн көп жолку чемпиону. Елена 2004-2005-жылдары «Жылдын жеңил атлетчиси» наамына ээ болгон эле. Эми минтип үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде 2006-жылдагы ийгиликтери үчүн “Жылдын дүйнөлүк спортчу айымы» наамына ээ болуп, «Оскар» сыйлыгына тете болгон «Laureus» сыйлыгына... толугу менен ![]() ![]() №235 ![]() ![]() Чоң спортко аралашканына 10 жылдан ашкан "Аташ" кличкалуу кикбоксчу Өткүр Кудаяров 1977-жылы 10-ноябрда Тажикстандын Ленинабад шаарында туулган. Өткүр 10 жыл аралыгында кикбокс боюнча Евразия (2000-жыл, Украина), Дүйнө (2001-жыл, Югославия), Азия чемпиону (2003-жыл, Ташкент), Дүйнөлүк кубоктун ээси (2002-жыл) болууга жетишип, бир нече ирет дүйнөлүк деңгээлдеги таймаштарда күмүш, коло медалдарга ээ болууга татыган. Кикбокс боюнча эл аралык класстагы спорт чебери... толугу менен ![]() №237 ![]() ![]() Өткөн жумада Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда эркин жана грек-рим күрөшү боюнча Азиянын 20-чемпионаты аяктады. Бул мелдешке Кыргызстандан тышкары Япония, Кытай, Индия, Корея, Иран, Казакстан сыяктуу 21 өлкөнүн эң мыкты делген 200гө чукул улан-кыздары келип күч сынашты. Чемпионат өтө кызуу өтүп, балбандардын өнөрүн көрүүнү самап келген спорт ышкыбоздорунун купулуна толду десек жаңылышпайбыз... толугу менен ![]() ![]() №238 ![]() ![]() Костя бир нече жылдан бери асфальт заводунун менчик ээси болуп келе жаткан эле. Эми Россиянын Ульяновск шаарынын чет жагындагы таштанды жайды ижарага алып, чоң масштабдуу иштерди баштады. Костянын бул багытта түзгөн “Экологиялык технологиялар борбору” аттуу фирмасы азыр полигонду толук курчап бүтүп, таштандыны сорттоп чыгаруучу комплекстин курулушуна киришти. Костя буга 1 миллион доллар бөлдү. толугу менен ![]() №239 ![]() ![]() Акча эч качан көп болбойт. Өзгөчө 35-37 жашында карьерасын аяктап жаткан көпчүлүк футболчулар үчүн. Ошондуктан, алар карьерасын аяктагыча жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүгө гана аргасыз болушпастан, жетекчиликтен чоң айлыкты да өндүрүп алууга умтулушат. Мыкты жана жолдуу оюнчулар миллиондогон долларга келишим түзүүгө жетишишет. Төмөндө дүйнөлүк жана Россиялык эң мыкты футболчулардын бир жылдык... толугу менен ![]() ![]() №242 ![]() ![]() Кыргызстандын борбор калаасы Бишкекте 23-24-июнь күндөрү панкратион боюнча Евразиянын 7-чемпионаты өткөнү турат. Эрендердин эр таймашы белгилүү каскадёр Үсөн Кудайбергеновдун жаркын элесине арналып жатканын Кыргызстандагы Панкратион федерациясынын президенти Эдил Молдалиев билдирди. Эрежесиз мушташ боюнча чемпионат Мамлекеттик цирктин аренасында өтүп, ага катышуу үчүн Орусия жана Казакстандан алы-күчү тоону томкоруп турган... толугу менен ![]() №243 ![]() ![]() Бишкектеги Цирк имаратында 23-24-июнь күндөрү белгилүү каскадёр Үсөн Кудайбергеновдун жаркын элесине арналган панкратион боюнча Евразиянын 7-чемпионаты болуп өттү. Билет баалары 600дөн 1000 сомго чейин көтөрүлдү. Аталган мелдешке жалпысынан 42 спортчу катышты. Тагыраак айтканда, Кыргызстандан 27, Орусиядан 1, ал эми Казакстандан 14 балбан келип, 75 килограмм салмакка чейинки жана андан жогорку салмак боюнча... толугу менен ![]() ![]() №245 ![]() ![]() Жакында Түркиянын “Фенербахче” футболдук командасынын президенти Азиз Йылдырымдын айтымында, клуб бразилиялык футболчу Роналдо менен келишим түзүп, өз тобуна тартуу үчүн аракет көрүп жатат. Футбол дүйнөсүндө супер жылдызга айланган Роналдо үчүн Түркия бир сезондо 4 миллион еврого чейин төлөп берүүгө даяр экендигин билдирген. Ал эми Роналдо болсо учурда тиякка же биякка бараарын... толугу менен ![]() №246 ![]() ![]() Кыргыз спортунун өнүгүп-өсүшүнө опол тоодой салым кошуп, Кыргызстандагы «гладиаторлордун» күч сынашып, эрдигин элине көрсөтүүгө көмөгүн берген өлкөбүздөгү Панкратион федерациясынын президенти Эдил Молдалиев 1962-жылдын 2-майында Чүйдүн Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында төрөлгөн. Бокс боюнча Кыргызстандын жана СССРдин бир нече жолку чемпиону, панкратион боюнча эл аралык көптөгөн... толугу менен ![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул рубрикага кирди:
|