ЧОҢ БОКСТУН ТИРҮҮ ЛЕГЕНДАСЫ МАЙК ТАЙСОН
№24700

Өзүнүн темирдей соккулары менен бир канча жыл рингде укмуш ажиотаж жаратып, чыныгы шоуну көрсөтүп келген Майк Тайсон 2005-жылы чоң спорт менен биротоло кош айтышканын билдирген эле. Майк өз өмүрүнүн 20 жылдан ашыгын бокско арнап, профессионалдык рингде эле айыгышкан 50 таймашты башынан өткөргөн. Анын 44үндө нокаут менен жеңишке жетишсе, 6сында утулууга дуушар болгон. Эмесе, Майктын спорттук карьерасы менен жакындан...

толугу менен
Александр Воинов: «ЖАКЫНДА ЫРЧЫ КЫЗДЫ КЕЛИН КЫЛЫП АЛАБЫЗ»
№24800

Анын ысымы мекенибиздин эң популярдуу, абройлуу адамдарынын сап башында, сыйлуу катарда. Денсоолугу чың, эл-журтка, дүйнө жүзүнө белгилүү спортчу болгусу келген жигиттердин кумири, айымдардын арзуусу, спорт чөйрөсүндөгүлөрдүн туу туткан бийиктиги, уулдардын атасы, республикабыздын сыймыгы... Учурда президенттин кеңешчиси, Улуттук олимпиадалык комитеттин вице-президенти, “Гермесс профи” спорт клубунун негиздөөчүсү жана башчысы, машыктыруучусу...

толугу менен
РОЙ ЖОНС (кичүүсү)
№27200
Толук аты-жөнү – Рой Левеста Жонс. Өзүнө гана тиешелүү кайталангыс соккулары менен белгилүү Рой Жонс 1969-жылы 16-январда АКШнын Флорида штатынын Пенсакола шаарында туулган. Профессионалдар арасында WBA, IBF, WBO и WBC версиялары боюнча дүйнөнүн бир нече жолку жана абсолюттук чемпиону.
Бардыгы болуп профессионалдык рингге 55 жолу чыгып, 51инде жеңишке жетишип (анын 38и нокаут менен), 4 ирет жеңилүү ызасын тарткан.
Бою – 180 см. Салмагы – 80 кг. Чабуул коюу аралыгы – 188 см. Үйбүлөлүү, 2 уулдун атасы.

толугу менен
ЕВРОПАНЫН XII ЧЕМПИОНАТЫ
№29200
Талашсыз түрдө жылдын башкы футболдук окуясы болуп 7-июнда старт ала турган “ЕВРО-2008” турнири эсептелет.
толугу менен
Кубанычбек Төрөбаев: «СПОРТ МЕКТЕБИН ДУБАЙДАН ТЫШКАРЫ КЫРГЫЗСТАНДА ДА АЧКЫМ КЕЛЕТ»
№29702
Жакында Бириккен Араб Эмираттарында “UNIVERSAL MARTIAL ARTS” аттуу жит-кун-до мектеби ачылды. Анын негиздөөчүсү чет өлкөдөгү абройлуу кыргыз азаматтарынын бири болуп саналат. Он жылдан бери Дубайда жашап келаткан таэквондо боюнча кара курдун ээси жана сегиз тилде эркин сүйлөй билген Кубанычбек Төрөбаев менен телефон жана интернет аркылуу байланышкан элек. Анда эмесе, кеп башынан болсун...
толугу менен
БЭЭЖИН ОЛИМПИАДАСЫ
№3010-1
Катышуучуларынын саны боюнча «Бээжин-2008» башка бир да мелдешти алдына салбайт. Ал эми көрүүчүлөрүнүн саны...
толугу менен
Бали, Канатбек!
№30200

Ошентип, 8-августта Бээжинде башталган жылдын башкы спорттук окуясы күндөн-күнгө кызыгандан кызып барат. Олимпиада расмий түрдө башталганда ага катышуучу өлкөлөрдүн саны 204кө жана спортчулардын саны 10 миң 500гө жеткендиги аныкталды. Ошол мыктылардын арасында өлкөбүздүн намысын коргоого аттанган биздин азаматтарыбыз да бар. Андыктан, мелдештердин алгачкы 5 күнүндөгү кыргыз спортчуларынын чыгуулары жөнүндө кеп кылмакчыбыз.


толугу менен
КОШ БОЛ БЭЭЖИН!
№30400
Ошентип, “жакшы окуя узак болбойт” дегендей, жылдын башкы спорттук окуясы аяктады. 16 күндүн ичинде бүткүл дүйнө мыкты спортчулардын бүйүр кызыткан мелдештерине күбө болду. Бээжин Олимпиадасы эл оозунда “кылымдын Олимпиадасы” деп да атала баштады.
толугу менен
«СУПЕР-ИНФО» – ЧЕМПИОН!
№30910
Бул оюн чоң жеңиштердин даамын таткан жаш жана тажрыйбалуу спортчулар менен бөлмөдө өскөн гүлдөрдөй болгон журналисттердин (спортчуларга салыштырмалуу) тиреши болду. Андыктан, күйөрмандар алдын-ала спортчулар журналисттерди жумшартып айтканда, утат деп күтүшкөндүгү анык. Бирок, иш жүзүндө андай болбой, чогулган жүздөгөн күйөрмандар күндүн башкы сенсациясына күбө болушту. Негизинен, голдорго бай жана “Спорт жылдыздарынын” үстөмдүгү астында өткөн оюн 4:3 эсебинде “Супер-Инфонун” пайдасына чечилди. Бул беттеште ийгилик мыкты уюшуп аракеттенген команда тарапта болду десек жаңылышпайбыз.
толугу менен
ТУРУСБЕК АСЫЛГАЗИЕВ: «МЕНИ ЭРЕЖЕСИЗ ЭР УРУШ ӨЗҮ ТАНДАП АЛГАН»
№31000
4-октябрда Бишкектеги “Стронг” бокс жана фитнес борборунда вале тудо боюнча “Ормон хандын” кубогунун жарым финалы жыйынтыкталды. Финалга жолдомо алган 6 кыргызстандык эрдин арасында биздин бүгүнкү каарманыбыз да бар. Төмөндө өз салмак категориясында өлкөбүздөгү №1 спортчу, келечектен көптү үмүттөндүргөн Асылбек Турсунгазиев менен маек.
толугу менен
«ТИЛЕГИМ – 140 КИЛОГРАММ САЛМАКТЫ БАГЫНТУУ»
№31100
Быйылкы чемпионатка 5 кыз катышып, кыздар арасында алгачкы жолу атаандашуу байкалды. Аталган каармандардын арасында Айтбек кызы Жаңыл 4 ирет КРнын чемпиону аталды. Оор атлетика боюнча спорт чебери болгон биринчи кыргыз кызы менен чакан маек курган элек.
толугу менен
РУСЛАН ТҮМӨНБАЕВ: “АВТОКЫРСЫКТА ЧОҢ ЖАРАКАТКА КАБЫЛГАН ЖОКМУН”
№31200
22 жаштагы Русландын карьерасындагы алгачкы олимпиадасында коло медаль тагынып, Даңк медалы менен сыйланганы баарыбызга белгилүү. Бул окуядан кийин ал жалпы жумурай журтка таанылып, эл арасында аброю өстү. Келечектен көптү үмүттөндүргөн бул азаматыбыз менен олимпиададан кийинки жашоосу тууралуу маек курган элек.
толугу менен
«ДОРДОЙ» 5 ЖОЛКУ ЧЕМПИОН
№31300
“ДОРДОЙ-ДИНАМОНУ” КИМ ТОКТОТОТ?
26-октябрда “Алтын беттеш” оюну менен өлкөбүздүн футбол боюнча XVII улуттук чемпионаты жыйынтыкталды. Жаңы чемпион соңку мүнөттөрдө гана белгилүү болгону болбосо, жалпысынан, натыйжалар боюнча быйылкы мелдеш өткөн жылкыдан айырмаланган жок.

толугу менен
“МЕЛДЕШКЕ 3 СААТ КАЛГАНДА 4 КИЛОГРАММГА АРЫКТАГАМ”
№31700
Биздин бүгүнкү конок - чоң жеңиштерди самаган, келечектен көптү үмүттөндүргөн балбаныбыз ДАНИЯР САМСАЛИЕВ. Аны менен курган чакан маекке көңүлүңузду бурабыз.
толугу менен
РААТБЕКТИН ИШИ УЛАНУУДА
№31800
29-ноябрда Бишкекте КРнын Эмгек сиңирген спорт чебери Раатбек Санатбаевдин жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча II эл аралык мелдеш жыйынтыкталды.
толугу менен
КАНЫБЕК ОСМОНАЛИЕВГЕ ТААЗИМ
№32000
13-декабрда Бишкекте оор атлетика боюнча Каныбек Осмоналиевдин байгеси үчүн кезектеги эл аралык мелдеш жыйынтыкталды.
толугу менен
КЫРГЫЗ СПОРТУ 2008–ЖЫЛДА...
№32200
Быйылкы жыл көз карандысыз Кыргызстандын спорттук тарыхында эң жемиштүү жылдардан болду. Буга төмөнкү маалыматтар күбө боло алат.
толугу менен
РААТБЕК ЖҮРӨКТӨРДӨ ЖАШАП КАЛА БЕРЕТ!
№32310
36 жаш – адам өмүрүнүн гүлдөгөн, ойносо оюнга, иштесе ишке тойбой “алга жана алга!” деп турган кези. Кыргыздын ак калпагын дүйнө элине таанытып, желегин желбиретип, дагы көп иштерди алдыга максат кылып койгон белгилүү спортчу Раатбек Санатбаев 36 жаш курагында көз жуумп кете берди. Ажал азаматыбызды арабыздан жулуп кеткенден бери үч кыштын кары эрип жатат. Ошентсе да, мылтыкка ок салып кыргыздын сыймыгын көздөй мээлеген адам эмдигиче кармалып, жазасын албай келет. Улуу балбаныбыздын өзү арабызда жок болсо да, муңайым жылмайган элеси ар бир кыргыз жүрөгүндө түбөлүк жашай берери анык.
толугу менен
РУСЛАН CЫДЫКОВ: “Футболчу болбосом, боксчу болмокмун”
№32600
Бүгүн биздин коногубуз Кыргызстандын №1 футболчусу, “Дордой-Динамо” менен улуттук курама командабыздын алмашкыс капитаны, айтылуу Руслан Сыдыков. Футболду өнөр кылган спортчубуз өз жолунда бардык тепкичтерди басып өтүп, талыкпаган эмгеги аркылуу башкы футболдук чокуларды багынтууга жетишти. Футболдогу алгачкы кадамдарынан тарта жеке жашоосуна чейин айтып берген каарманыбыз жашы 30дан ашса да, карьерасын бүтүрүү тууралуу ойлоно элек...
толугу менен
“РИНГДЕГИ АРАКЕТИМ АТААНДАШЫМДАН КӨЗ КАРАНДЫ”
№32700
Биздин бүгүнкү коногубуз Кыргызстанда өз салмагында №1 болгон ишенген мушкерлерибиздин бири Чингис Борбашев. Ага жогоруда аталган мелдеште тең чыга ала турган атаандаш болгон жок.
толугу менен
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул рубрикага кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: