|
![]() №186 ![]() ![]() – Саламатсыздарбы, "Супер-Инфо" гезити! Сиздерге жан-дүйнөмдү эзип келген, айтылбай турган сырымды айтып, жүрөк өйүткөн суроомо сиздерден жооп алууну туура көрдүм. Эмесе, бардыгы башынан болсун. Мен ал кезде чоң энемдин колунда 2-класста окучу элем. Биз менен кошо байкем, атамдын үйлөнө элек иниси жашачу. Бир күнү көчөдө ойноп жүрсөм, ошол байкем чакырып калды... толугу менен ![]() №188 ![]() ![]() Адам баласынын өмүр жолунда табышуу, адашуу, кайгы, кубаныч эриш-аркак жүрөт окшобойбу. Адашуунун дагы бир курмандыгы – маңдайымда турган ага эле. Убагында кызматта иштеп, көөп турган убагында бир кезде "жиндиканага" туш болоору түшүнө да кирбесе керек. Боз дубалдын ары жагында эмне деген гана тагдырлар кездешпейт. Бул жерде "өзгөчө коркунучтуу" дегендерди өзүнчө кармап, алардын ... толугу менен ![]() ![]() №192 ![]() ![]() – Мен анда бар болгону он беш гана жашта болчумун, - деп баштады кыз. Мөлтүрөгөн өңүнө, кийинген кийимине карап, бул кыздын көкүрөгүндө көйгөй бар экенин байкабайсың. Ал бир азга токтой калды да, кайрадан сөзүн улантты. – Балким, ошол жаштыгымдан көп ката кетирип койдумбу деп да ойлойм. Айтор, көкүрөгүмдө каткан бугумду кимдир бирөөгө айтпасам жарылып кетчүдөймүн... толугу менен ![]() №196 ![]() ![]() – Көкүрөктө толгон бугумду кимге барып айтаарымды билбей сиздерге кайрылдым. Жок дегенде бир адамга мени кыйнаган, күндүз оюмдан, түнү түшүмдөн кетпеген жан сырымды айтып алышым керек да... - деп маңдайымдагы кыз карегинде калкып турган көз жашын аарчый сөз баштады. АТАМ БАШКА ЭКЕНИН КИЙИН БИЛДИМ Мен бир үйдүн жалгыз кызымын. Ошондуктанбы, апам менин... толугу менен ![]() ![]() №197 ![]() ![]() Кыйма-чийме жолдор... Бул тагдыр жолунда кимдер гана жаңылбаган, мүдүрүлбөгөн. Ошол жашоосунан жаңылгандардын арасында ал дагы бар эле. Эч нерсе менен кайрып ала албаган оор жоготуу да дал ошол жаңылыштыктан келип чыккан болчу. Кайгысын өз боюнан алып сала албай, канчалаган жылдан бери жан-дүйнөсү жанчылып келаткан жигит бул жолу да жалгыз даракка сүйөнө өзү менен өзү сүйлөшүп жатты... толугу менен ![]() №198 ![]() ![]() – Өмүрдө жакшы көргөн адамыңдан ажыраган оор нерсе экен. Ал эми жаныңдын жарымы болгон адамдан өз эркиң менен ажыраш андан да оор. Ошол окуядан бери жүрөгүмдү канжалаткан дартымдын дабасын таба албай кыйналып келем... - деп акырын сөз баштады кыз. Ошол күнү мен окууга шашып бара жаткан элем. Көчөдө машиналардын көптүгүнөн баш адашат. Көпчүлүктүн агымынан машинам менен ... толугу менен ![]() ![]() №199 ![]() ![]() Таң менен кошо келген муң Жадыраган жайдын таңы. Шаар сыртындагы бак-шакка чөмүлгөн дача. Ортодо жайгашкан үйлөрдүн биринен узун бойлуу, ак жуумал, сулуусымак жаш келин чыга келди. Бул таң тосууну жакшы көргөн Гаухар эле. Жапжашыл тегеректи суктана карап алып, алма бакты көздөй басты. Кызарып быша баштаган алмалардан үзүп жатып, жүзүн муң чулгай түштү. “Таежем бүгүн да келбей калса кызым экөөбүз жалаң алма менен жан сактайбызбы? Мен го эптеп чыдайм дечи, кызым кантет?... толугу менен ![]() №200 ![]() ![]() Базардын чекесиндеги дүкөндө таң заарда жумуш ушинтип башталды... Жашы али отузга толуп толо элек, а бирок, канчадан бери жуумак түгүл тарак тийбей, жедеп түйдөк болуп калган чачын ак басып, арак менен ысык-суукка өңү каракөк тартып, эриндери кеберсиген жапжаш келин баш бакты. Көздөрүн жалдыратып, жалооруй кирип келаткан келинди көрүп эле дүкөнчү: “Дагы келатасыңбы?! Көзүмө көрүнбөй жоголчу!..” дегендей эриндерин кымтылана кыжыры келип, акшыя карады. Аны түшүнө койгон келин ансайын жалдырай тиктеп,... толугу менен ![]() ![]() №201 ![]() ![]() ... Жашоодо үмүт, ишеним, сүйүү алдыга жетелейт экен. Бир кездерде мен дагы сүйгөнүм менен түбөлүк бирге болуудан үмүтүмдү үзүп койгон учурум болгон. Бирок, менин сүйүүм алдыдагы кыйынчылыктын бардыгын жеңип, мени бактылуу күндөргө жетеледи. Балким, менин тагдырым кимдир бирөөгө сабак болоор деген ишенимде сиздерге кайрылдым. Ошол күз менин жадымда түбөлүк сакталып калды. Анткени, ошол күздө апам экөөбүздүн тилегибиз ишке ашып, мен институтту... толугу менен ![]() №203 ![]() ![]() Аялдамага жакындай берген кийимдери кир, өңү жүдөңкү адамды көпчүлүк жактырбай карап жатышты. Өзү деле элден жалтаңдап бүткөн бомж бүжүрөй келип, четки отургучта отурган келиндин жанына отура кетти. Өңүнө бир көз жүгүртүп алган Аида кумсарып кетти. «Оо, Кудай, чын эле Мелиспи? Ушундай абалга жеттиң беле, шордуум?» Алдындагы бомж өзүнүн мурдагы күйөөсү экенине ишене албай телмире карап тура берди. Көз алдында өткөн күндөр... толугу менен ![]() ![]() №204 ![]() ![]() «Бала... Жашоого келген ар адамдын артында калтыраар изи бала да. А менин боор этим менен тең болгон баламды бир шаарда туруп жүзүн бир көрө албай жүргөнүм кандай азап...» Жолдо темтеңдей басып бара жаткан жигиттин оюна ушулар келди. Көчөдө ойноп отурган кичине балдарды көрүп, жанына баргысы, куса кылган бала жытын искегиси келет. Кайгысы тула боюн каптап, мас адамдай... толугу менен ![]() №205 ![]() ![]() «Бул жашоого келген аялдын башкы парзы жар сүйүп, бала эркелетүү болсо керек. Мен болсо ошол эки бакытыман тең кол жууп, куру жалак калган бактысыз жанмын. Антсе да беш жылдан бери жан жолдошума айланып калган жалгыздыктан кутулуума бир гана жол чыгып, учурда ошол жаатында бушайман болуп жүргөн кезим...» деп башталган экен кат. Анда эмесе, кат ээсинин көкүрөгүндөгү буккан сырын биз сиздер менен тең бөлүшмөкчүбүз. толугу менен ![]() ![]() №206 ![]() ![]() Анын карааны алыстап бара жатты. Шалдайып артынан карап турган Данияр эрдин тиштеп даракка сүйөнө калды. Көзүндө өкүнүч да, жоготуу да, тымызын катылган сагыныч да бар эле. Бирок, бул жашоодо экөөнүн жолу эки башка болчу. Аны мындан мурун тээ алгачкы жолукканда эле билген. Ошентсе да көкүрөгүндөгү тымызын үмүт менен жашап келбеди беле... толугу менен ![]() №208 ![]() ![]() «Сүйүү дарты өлтүрбөгөнү менен айыкпайт» деп айткан сөздүн калети жок белем. Алдымда отурган жигиттин купкуу жүзүнөн, кунары өчүп кайдыгер караган көздөрүнөн азыр ал үчүн жашоонун кызыкчылыгы жок экени байкалат. Тагдырдын ача жолунда сүйгөнүнөн айрылган бул жигиттин мындан бир ай мурун үйлөнүү тою болмок эле. Бирок... толугу менен ![]() ![]() №209 ![]() ![]() Жаштыкты адамдын өмүрүнө бир келүүчү ажайып жаз катары эсептешет. Бирок, мен ошол жаштыгымды арман толгон күндөр менен өткөрөм деп ойлобогом. Акыркы кездерде мен өзүм менен өзүм күрөшкөндөн да чарчадым... Бардыгынан көңүлүм калды. Болгон өтүнүчүм мени туугандарым да, менин жүрөгүмдү ээлеген адам да туура түшүнсө дейм... Оор дем алган жаш жигит сөзүн ушинтип баштады. толугу менен ![]() №211 ![]() ![]() Кол кармаша бири-бирине бактылуу жылмайган эркек менен аял мындан бир топ убакыт мурун турмуштун эки жээгиндеги адамдар эле. Тагдырдын оош-кыйыш жолдорунда экөө кечигип кездешти. Анда кеп башынан болсун...БАКТЫСЫЗ КҮНДӨР Башы зыңылдап ооруп турган Мелис ордунан туруп жан жагын карады. Парктын бир бурчунда көк чөпкө жатып калган экен. Колдорун араң... толугу менен ![]() ![]() №212 ![]() ![]() ... Жалгыздыкка аргасыз баш ийип, күн кечирип жашап келгениме көп убакыт болду. Антсе да аны менен өткөргөн бактылуу күндөрүм күнү бүгүнкүдөй көз алдыма элестейт. Ошого каниет алып, ошону менен сооронуп калам...- деди оор улутунган бийкеч. КУНАРСЫЗ КҮНДӨР Ошол жыл, ошол күн азыр да... толугу менен ![]() №213 ![]() ![]() Кийинки кездерде кыздардын актуалдуу маселесине айланган кыз-дык тиктирүү (гименопластика) жөнүндө кенен изилдөө үчүн атайын адиске жол тарттым. Коридордо өз кезегин күтүп турган кыз-келин-дер көп. Бирок, мен адиске жолуга электе эле бардык суроомо жооп берген адам менен маек кураарымды билген жок элем... КЕЛИН ЖАНА КЫЗ Отургучка отураарым менен жанымда турган келин менен... толугу менен ![]() ![]() №214 ![]() ![]() Илгертен ар бир үйбүлөдө ата-эне менен балдардын ортосунда келишпестиктин боло жүрүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бала ата-энеге кубаныч гана тартуулабастан, кээде кайгы-касирет да алып келиши мүмкүн. Ошондой күйүтү ичине батпай келген ата-энелердин арыз-арманын угуп, газета бетине жарыялап коюуну туура таптык... толугу менен ![]() №216 ![]() ![]() Бул окуяны окуп мени түшүнбөй күнөөлөгөндөр же болбосо «ай байкуш» деп боору ооругандар чыгышы мүмкүн. Бирок, мага элдин аянычынын да, түшүнүүсүнүн да кереги жок. Болгону жандүйнөмдө оозу туюк жарадай кыйнаган сырымды айтып, бугумдан арылуу үчүн сиздерге келдим,- деп баштаган келин азга тынып турду да ойлуу сөзүн улады. Биздин үйбүлөдө эки гана кыз элек. Атабыз көп жыл мурун кайтыш болгон. Караан тутканыбыз жалгыз апабыз бар. Ушундан уламбы... толугу менен ![]() |
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул рубрикага кирди:
|