ЖАҢЫ ЖЫЛ КАЙРЫП БЕРГЕН БАКЫТ
№21701
Адамдар бактыга кабылган убагын сезе беришпейт дешет. Ушул Жаңы Жылда өз бактысын аз жерден жоготуп коё жаздаганын Касым да сезе бербеген. Жаркыраган Жаңы Жыл күнү кайрадан өз бактысын таап, куттуу конушуна конгондо гана жаңылыштыгын түшүндү...
КҮТҮҮ
Жаңы Жыл... Көчөдө, алтургай, ар бир үйдө майрам. Бирок, бул Жаңы Жыл Жанара үчүн майрам эмес, жалгыздыктын, кусалыктын күнү болчу...

толугу менен
ЖАШТЫК ЖАҢЫЛЫШТЫГЫ ЖЕ ТАЛАШКА ТҮШКӨН НАРИСТЕ
№21800
Буулуга бышактап турган кичине кыздын арыраакта көз жашын кылгырткан өзүнүн сүйүктүү апасынан, атасынан көзү өтүп баратты. «Мени алып кеткилечи» деп жатты жаштуу көздөр. Ал эми атасынын көз алдына өткөн үндөрдүн элеси тартылып жатты. Мындан алты жыл мурун таптакыр дал келбеген эки адам – өзү менен келинчеги үйбүлө курган эле. Наристелүү да болушкан. Бирок...
толугу менен
МЕН БААРЫ БИР БАКТЫЛУУМУН...
№21910
Бишкектин так борборунда жайгашкан жер астындагы өткөөлдүн чыга беришинде майыптардын коляскасында отуруп алып майда-бараттарды сатып, өз оокатын өткөргөн бир инсанды көп байкачумун. Керээлден кечке жайдын ысык аптабына, кыштын ызгаар суук күндөрүнө да карабай ушул жерден карыш жылбайт эле. Ары-бери өткөн сайын, анын жарым жан экендигине муңайбай, кабагын да түйбөй иштеп отурганын көрүп мүнөзүнө баа берчүмүн. Акырында анын жашоосуна болгон кызыгуум аны менен болгон...
толугу менен
«ҮЙЛӨНҮП ҮЙ САЛГЫМ КЕЛЕТ»
№22302
«Бири кем дүйнө» демекчи, кээ бир адамга жараткан талант бергени менен тагдырын тайкы кылса, кээсине байлык бергени менен жан- дүйнөсүн сокур кылып коёт тура. Кеп жайкысын ЦУМдун, кышкысын филармониянын жанындагы жер алдындагы өткөөлдөрдө буту менен сүрөт тартып келаткан, тагдыры тайкы болсо да талантка бай, жандүйнөсү аруу Төлөн байке жөнүндө болмокчу. Аны аталган жерден учуратып, көбүнчө алыстан кайдыгер карап өтсөңүз керек. Бирок, ал кишинин да өз тагдыры, арманы, келечекке деген аруу тилеги бар экендигин, убагында үйбүлөсү болгонун, азыр уулу он алты жашта экендигин билбесеңиз керек.
толугу менен
«ОО, УЛУУ ЖАРЫК, КАЙДАСЫҢ?..»
№22500
Жашоо шары, көр тириликтин көйгөйү аргасыз баарыбызды базарга барууга мажбурлайт эмеспи. Мен да жумуштарым менен базарга көп барам. Анан дайыма элди өзүнө кылчайтып, тагдыры тайкы, таланттуу майыптардын ырдап жатканын көрөсүң. Кечээ да «Ош базарында» жүрсөм «а менин бала бойдон калгым келет...» деп кимдир бирөө Жамилдин ырын сыздата ырдап келатыптыр. Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек, кара көз айнекчен жаш жигит экен. Талантына канчалык тамшансам да, “аттиң” деп...
толугу менен
АКЧАГА БАЙЛАНГАН НАРИСТЕНИН ӨЛҮМҮ
№22623
Түн ичинде көрүстөн четине келген жеңил машинадан эки адам чыкты. Түндө келип шашыла кыймылдашканына караганда мында бир сыр бардай. Кичинекей наристенин денесин тез эле көмө салып жолго түшүштү. Жамгыр жаап жаткан эле. Тээ көктөн чагылган чарт этип, караңгы асманга бир аз из салып өттү. Чагылгандын бир «жарк» этип өтүшү эмелеки чала көмүлгөн наристенин өмүрүндөй эле. Мындан бир ай мурун жаңы ата-энелүү болгон эле бала...
толугу менен
«ДИАНА ГУРЦКАЯ СЫЯКТУУ БЕЛГИЛҮҮ ЫРЧЫ БОЛСОМ ДЕЙМ...»
№23000
Орус шоу-бизнеси мил­лиондогон күйөрмандардын жүрөгүн ээлеген ырчыларга эле эмес, ошол ырчыларды таап, сахнага таптап чыгарып берген продюсерлерге да бай. Эгер кыргызда Игорь Николаев өңдүү продюсер болсо, булбул үндүү Гүлүм Касымбаева да Диана Гурцкая сыңары сахналардын көркүн ачып , бүгүнкү күндөгү кыргыз шоу-бизнесинен өзүнүн татыктуу ордун таап, күйөрмандарына чексиз ырахат тартуулап тураар беле?! Анткени, кайсы бир кездерде Диана туш болгон кыйынчылыктарга жердешибиз Гүлүм да...
толугу менен
КОЛДОН УЧКАН БАКЫТ ЖЕ ТУРМУШ ЖАЗАСЫ
№23220
Өмүрүндө Карыпбек көптү көргөн. Бирде ыргыткан ташы жогорулап, даңазасы таш жарса, бирде карыптын күнүн көрүп, ар кимден жардам сурап калган да учурлары болгон. Бирок, негедир дал бүгүнкүдөй өзөгү сыздап өкүнбөгөн эле. Качандыр бир кезде өзү кечип кеткен өз канынан чыккан уулу анын өмүрүн сактап калат деп да ойлогон эмес... Көрсө, Жараткан жашоо мыйзамынын баарын...
толугу менен
ЖАРАЛУУ ЖҮРӨК
№23422
Узун кара көйнөк кийген бийкеч томсоргон бейиттерди аралап келе жатты. Кайгынын кара чүмбөтүн тагынып алгансыган бул бийкечтин колундагы бажырайган гүлдөр гана тирүүлүктөн кабар берип тургансыды.
Бийкечтин бир жыл мурун эле жүзүнөн жаштык нуру төгүлүп, көзү кубанычтан жайнап турчу. Бирок, тагдыр ошол кубанычынан айырып, минтип томсортуп койду. Анан да баарынан оор нерсе, бул кайгынын күнөөкөрлөрү өзүнүн ата-энеси эле...

толугу менен
ЖАШТЫКТАН ЖАҢЫЛЫП, БАЛАМДАН АЙРЫЛГАМ...
№23532
“Мен өз бактымдан баш тарткан адаммын. Бир кезде намыс деп ата-энем үчүн ушул кадамга баргам. Өзөктү өрттөгөн бул арманым мени менен кошо жатса керек. Балким, жаш кыздарга менин тагдырым сабак болоор деп сиздерге жүрөк сырымды баяндап берүүнү чечтим”,- деп баштады сөзүн маңдайымда отурган айым. Анын көздөрүндө кусалык, арман турган эле.
толугу менен
КЫЗГАНЫЧТЫН АЙЫНАН АЯЛЫМДАН АЙРЫЛГАМ
№23810
Ар бир адам бактылуу болуу үчүн аракеттенип, жок дегенде ийненин көзүндөй бакыт тапканга тырышат. Бирок, өз бактысын өзү чанган мендей адамдар да болот экен. Өкүнүч өзөгүмдү өрттөп, көөдөнүм жанчылат. Өз бактысынын тамырына өзү балта чапкан мендей адамдын баяны, балким, көптөргө сабак болоор... - деп өз баянын баштады жашамал адам.

Кызык, мен аны биринчи көргөн­дө эле менин бактым экенин сезген...

толугу менен
КАРГАШАЛУУ ТОЙ
№2411-1

Караңгы түндү беттеп, апакай той көйнөкчөн кыз чуркап келе жатты. Бирде ыйлап, бирде ызалуу каткырып келе жаткан кыздын көрүнүшү таңкалыштуу эле. Бир кезде чалынып жыгылып кеткен ал биротоло боорун кара жерге төшөп жатып калды. “Кыз тагдыры кыйчалыш болчу эле. Абайлап жүр, кагылайын”,- деп узаткан апасынын сөздөрү кулагына жаңыра түштү. Солуктаган кыз апасы экөөнүн ак тилегин...

толугу менен
СҮЙГӨНҮМ КАЙНЕЖЕМ БОЛУП ЧЫКТЫ...
№24280
“Ооба, айрымдар үчүн үйбүлөлүк бакыт жалындаган махабаттан да күчтүүлүк кылат экен. Мен аны өз башымдан өткөргөндө гана түшүндүм. Менин башымдан өткөн окуя, балким, көптөрдү таңкалтыраар, балким, түшүнбөстүктү жаратаар. Ошентсе да башымдан өткөн баянымды айтып берүүнү чечтим. Мүмкүн бул кимдир бирөөлөр үчүн сабак болоор”. Ушинтип сөзүн баштаган отуздар чамасындагы жигит бизге башынан өткөн сүйүү баянын айтып отурду.
толугу менен
АКТАЛБАГАН ҮМҮТ же КАЙРЫМСЫЗ УУЛДУН ӨКҮНҮЧҮ
№24341
Чакан айылда тигилген боз үйдү өкүрүк, шуу үшкүрүктөр коштоп жатты. Сүйүктүү апакесин акыркы сапарга узатып отурган адам көз жашын улам сүртүп, өзүнүн турмушу тууралуу ойлоду. “Жаңылган экенмин. Же татыктуу уул боло албай, же ардактуу ата боло албай ара жолдо калыптырмын. Баарына өзүм күнөөлүүмүн”. Апасынын мээримдүү жүзү көз алдына тартылып, тирүүсүндө жакшы мамиле кылбаганына, кайгыга салганына өкүнүп жатты. Аттиң, апасын кайра...
толугу менен
ЖАШООГО КАЙРАДАН ЖАРАЛГАНДАР
№24512
Жүздөрүнө көйгөй көлөкөсү түшкөн пенделер моюн созо алдыңкы катардагыларды карап, “качан кезек келет, кандай жооп угаар экенмин?” дегенсип санааркай, жабылуу турган эшиктен көз алышпайт. Анда-санда гана бири-бири менен акырын сүйлөшүп, кандай каран калгыр тагдыр бул жерге жетектеп келгендигин сурап коюшат. Ортодогу адамды тумчуктурган жымжырттыкты бузууга даабай, алардын катарына мен да кошулдум. Тагдырдын тайкүлүк ташы...
толугу менен
«ЖАҢЫЛЫШТЫГЫМДЫН АЙЫНАН СҮЙГӨНҮМДӨН АЙРЫЛДЫМ»
№24620
«Жашоодо кайсы адам жаңылгысы келсин?! Бирок, тагдыр чалмасы тез эле буттан чалып, түз жолуңдан жаңылтып коёт экен. Мен дагы ошол турмушунан жаңылган адамдардын катарына кирем. Кээ бир адамдарга сабак болобу деп тагдырымды сиздерге айтып берүүнү чечтим»,- деп баштады сөзүн маңдайымда отурган татынакай келинчек.

толугу менен
ТУРМУШ АЙЛАМПАСЫ
№25120

Бурганактуу шамал алып учуруп, машина күтүп турган жигитти улуу сапарга чакырып жаткандай. Бакытына кетчү сапардан бир кезде ата-энесин кыя албаганынан, саркынды салттын айынан ажырап калган эле. Бирок, эртеби-кечпи, баары бир бул сапарга жол алмак. Жигит оор үшкүрүп алып кетип бара жатты. Көкүрөгүндө зор үмүт, көзүндө чолок жаш... Бирок, бул кубанычтын көз жашы болчу.

толугу менен
«СЕНСИЗ МЕЗГИЛ ТОКТОП КАЛГАНДАЙ...»
№25713

Таң эрте эрбейген жалгыз караан айылдан чыгып, мүрзө тарапты көздөй бет алды. Сүрдүгө жыгылып кала жаздап кайра түзөлүп, ыйлап баратты. Жашы ортолоп калган бул аял кечээ гана энесинен айрылган. Жаназасына жетип келе алган жок. Бүгүн минтип апасын жоктоп, мүрзөсүнө келе жатканы. Бирок, энеси кайтыш болуп кетсе да, жү­рөгүнүн түп­кү­рүн­дө энесин кечире албасын сезип, мөгдөп ыйлап бара жатты. Мунун сыры тээ тереңде эле...

толугу менен
РОССИЯНЫН ТҮРМӨСҮНДӨ БЕШ ЖЫЛ ОТУРГАН КЕЛИНДИН СЫРЫ
№26230

Келиндин айтып бергендерин угуп келатып бүтүндөй бир тасма көргөндөй болдум. Баёолугунанбы же жетишпеген турмуштун айынанбы, өзүнөн улуу аялдарга алданып бөтөн жердин түрмөсүндө отуруп келген келиндин тагдыры чын эле боор ооругудай эле...

толугу менен
БОЛБОЙ КАЛГАН ҮЙЛӨНҮҮ ТОЮ
№27340

Эл себелеген жам­­гыр алдында мез­гилсиз дүйнө менен кош айтышкан эки жашты жерге берүүгө кыйбай турушту. Өмүр бою бирге болууну самаган экөөнү жанаша мүрзөлөргө жашырууга эч кимдин колу барбай жаткандай. Аттиң, каргаша болбогондо, каргашаны алып келген бирөө болбогондо эртең сүйүшкөн бул экөөнүн үйлөнүү тойлору болмок эле...

толугу менен
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул рубрикага кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: