|
|
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
№263 0 0
Күндүз милициянын кызыл шапкесин кийип, "эл коргоп" жүргөн бул эргул түнкүсүн эмне иш менен алектенээрин эки шеригинен бөлөк эч ким билчү эмес. Отузга жашы жете элек бул сулуучумак жигиттин моюнунда жети адамдын каны жатканын кесиптештери кечигип билишти. толугу менен №261 0 0
Бул үйдө алты саат бою Жыпар эки баласы менен өзүнүн карачечекей күйөөсүнүн колунда барымтада отурду. Тун уулунун билегине ок тийип, анын жараатынан токтобой кан агып, жети жашар баласынын жүрөгү тирүүлүк үчүн жаналекетке түшүп алышып жаткан эле. Жыпардын жашырынып шашып-бушуп жазып жөнөткөн SMS билдирүүсүнөн улам Бакыт милициянын ыкчам-иликтөөчү тобун барымтадагы ашыгын бошотуу үчүн алып келе жатты. толугу менен ![]() №260 0 0
"43 миң 750 доллар үчүн Карасуу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери, лейтенант А.А. чогуу иштеп жүргөн өнөгүн атып салыптыр..." Өткөн аптада Карасуу шаарында катталган бул кылмыш көпчүлүктүн кулагын түрдүрүп, резонанс жаратты. толугу менен №259 0 0
Баарыбызга белгилүү болгондой, сойкулук – эң байыркы кесиптердин бири жана муну эч ким танбайт. А бирок, ошол кесип менен бирге эле дагы бир байыркы кесип жашап келет. Жок, ал кесип сиз ойлогондой өтүкчүлүк, темир устачылык же соодагерчилик эмес. Бул өнөр эч жерде жарыяланбайт жана коомго бир да пайда алып келбейт (кээде бул боюнча талашып көрсө да болот), бирок, аны баары билет. Мындай өзгөчө кесип бир нече аталыштарга ээ: аткаруучу, тазалагыч, киши өлтүргүч, кеңири жайылган англисче түрүндө... толугу менен ![]() №258 0 0
Алкы бузулган алдым-жуттум бул заманда дале кесибине берилген, абийир, адамдыгын жоготпогон адамдар бар экендигине ыраазы болгон эненин шоролуу көздөрүнөн жаш сызылып барып токтоду. Бул күйүт-кайгысы аралаш кубанычтын жашы эле. Соттун өкүмүнөн соң колдоруна кишен салынган зөөкүрдү эки жагынан жулкулдата алып кетишкенин көрүп көксөөсү сууй түштү. толугу менен №256 1 0
Теңирден бакыт тилеп келген жаштарды түбөлүккө кол карматкан Бакыт өргөөсүнүн айланасы, сулуулуктун символу, бий өнөрүнүн ханышасы Бүбүсара Бейшеналиеванын атын алып жүргөн көчө жана дагы далай жерлер ичимдик, шайкелеңдиги аралаш сойкулардын уюгуна айланганы көпчүлүгүбүзгө жаңылык деле болбой калган. Ошентсе да көчө кыздарына ыйык Орозо айы, учурда мекенибизди каптаган каатчылык таасир берген-бербегенин билмекчи болуп түнкү Бишкекти айланып чыктык. Аларды аралап жүргөндө «жакындарымдын карачечекей кыздарын көрүп каламбы» деген ой денени дүркүрөтүп жатты. толугу менен ![]() №255 0 1
Күндүн батышын телмире тиктеп турган жигит жаагын карыштыра дубалды муштап сөгүнүп алды. Көрсө, Россиянын чытырман токойлуу аймагында беш жыл бекерге жашырынып, азаптанып жүргөн тура. Өзүнүн көздөй эки досунун бири мунун сүйлөшкөн кызына ээ болуу үчүн кайдагы бир кылмышты уюштуруп, анан жакшылык каалаган адам болуп Россияга качырат деген түшүнө да кирген жок эмес беле... толугу менен №254 1 0
Көзгө сайса көрүнгүс караңгылык кучагында айдың талаада эрбеңдей бир караан келет. Жаңыдан эгини орулган талаада кээде эт-бетинен кетип жыгылып, томолонуп кулаганына да кайыл. Салаа-салаа жаш жууган көз алдына атасынын “мени кечир, кызым” деп солуктап ыйлаганы, оозунан көбүк агып диртилдей өлүп бараткан күйөөсүнүн элеси тасмадай чууруйт. Бир кезде тээ алыстан бүлбүл жанган чырактар көрүндү. Ошол жарыктарга жетсе эле башына түшкөн мүшкүлдүн баары унутулуп калчудай, калканч, тирөөч табылчудай... толугу менен ![]() №252 0 0
Бишкектин күн батыш тарабындагы ээн талаада эки эркек чуңкур казып жатышты. – Тереңирээк каз. Эртең эле жолбун иттер шимшилеп келип соройто сууруп чыгышпасын. – Анда эле күнүбүз бүттү дей бер... – Көп былжырап кепти көбөйтпө. Минтип отурсак жолдон өткөн бирөө-жарымдын көзүнө чалдыгып, күнүбүз... толугу менен №249 0 0
“Манас Ордо” тарыхый комплексинде июнь айында башталган археологиялык иштер коомчулуктун назарын өзүнө буруп, аны бир топ эле дүрбөлөңгө салып, ар түрдүү түшүнүксүз ойлорду жаратып койду. “Кароол Дөбөдөн грузиндер алтын издеп, казуу иштерин жашыруун башташыптыр” деген маалымат эл арасына тарап, “ага ким уруксат берди?” деген суроого жооп издеп жатышканда... толугу менен ![]() №249 0 0
Жигит артынан жабылган түрмөнүн темир дарбазасын карап оор улутунду. Каргашалуу окуядан кутулуп чыкканы менен жүрөгү ачышып турганын сезди. «Кечир! Бул жашоого келген бир аялуу жан элең. Бирок, сени тебелеп-тепсеп, ушул ишке кириптер кылдык. Буга мен да күнөөлүүмүн. Кечир! Эми баары бир кеч...» Ушул сөздөр менен жигит артына бурулду. Ошентсе да кыздын мөлтүр элеси аны өмүр бою ээрчип алаарын түшүнүп турду. толугу менен №248 0 0
Шарон Тендлер аттуу англиялык бай айым Израилдеги курорттон дельфиндер жашоочу жайдагы Синди аттуу дельфин менен таанышып, экөөнүн жылдызы келишип калган. Көп узабай дельфиндин дрессировщиги айымга үйлөнүүгө Синдинин макул экендигин айткан. Ошентип, үйлөнүү тою өткөндөн кийин айым “жубайы” менен көбүрөөк убактысын сууда өткөрчү болгон жана өзүнүн бактылуу экендигин билдирген. толугу менен ![]() №247 0 0
Эртең менен жумушка шашып, тыгылыша маршруткада баратабыз. Аңгыча кичинекей бала чырылдап ыйлап, энеси аны соорото албай бушайманга түшүп сүйлөнүп кирди: – Илгери ооруканаларга кайрылсак дароо чара көрүшөөр эле. Бүгүнкүлөр такыр айнып кетишти. Кечээ эле барганбыз. Бири “сменим бүттү” десе, бири дагы бир шылтоону айтып, анысы аз келгенсип, кабылдамада кезекте турсак, улам бири өзүнүн таанышын жетелеп келип киргизип, күйгүзүшпөдүбү... Кейиген эненин сөзүн маршруткадагылар коштой, оорукана, оорулуу, врачтар тууралуу кеп уланып кетти... толугу менен №246 0 0
Ура-а! Ура-а! Көлгө! Көптөн күткөн июль айы да келип, биздин редакциябыздын жамааты чогулуп алып Ысыккөлгө жөнөдүк. Кадимки эле эл-журт сыңары эс алып, касиеттүү көлдүн көгүлтүр толкундарынан жаңы күч, дем, энергия топтоп келмекчи болуп... “Көнгөн адат калаарбы, уйга жүгөн тагаарбы?!” деген сыңары, эс алып жүрүп да кесиптик адатыбызды таштабай, көргөн-билгендерибизди сүрөткө тартып, жаза келдик. толугу менен ![]() №244 0 0
Кан жолдо ээ-жаа бербей зымырап бара жаткан машина алдын тоскон МАИ кызматкерине да караган жок. Рулга колу карышкан келин көз жашын төгүп, өз алдынча күбүрөп бара жаткан эле. “Кечир мени... Мен баарына күнөөлүүмүн. Мен сенин өлүмүңө күнөөлүүмүн. Эми менин да жашоого акым жок. Анткени, колум сенин каныңа булганган”. Ушул учурда зымыраган машина карт даракка барып уруна берди. Келин үчүн заматта...толугу менен №243 0 0
Жай саратан “бысмылда” деп башталганда эле катуу чамынып кирип, мынчалык ысыкка көнбөгөн мекендештерибиздин айласын кетирүүдө. Шаштыны алган ысыктан кайда качып, кандай кылаарды билбеген шаардын тургундары айласы кеткенде түрдүү көлмөлөрдү көздөй жөнөшөт. 40 градуска жеткен ысыкта кыйналгандан көрө суусу кир болсо да кайсы бир көлмөгө түшүп, жанды жай алдырууну көздөшөт эмеспи. Биз да алардын катарына... толугу менен ![]() №242 0 0
ТАТУИРОВКАНЫН ТАРЫХЫНАН Адамдын денесинде татуировка мындан 6 миң жыл мурун пайда болуп, алгачкы татуировканын ээлери египеттиктер болушкан. Негизи, татуировканын жөнөкөй түрү мындан да мурун пайда болгон. Алгачкы общиналык коомдо жашагандар өздөрүнүн кайсы урууга таандык экенин дал ушул денесине тартылган сүрөттөрүнөн... толугу менен №241 2 0
Батыштын таасири менен жашообузга кирген көрүнүштөрдөн көңүл ачуунун түрлөрү: түнкү клубдар, андагы түрдүү шоулар болду. Түнкү шоулардын алдыңкы катарында албетте, стриптиз турат. Көрүүчүлөрдүн көз алдында денесин көрсөтө бийлөө абийирдин кеткени катары бааланып, бул сыяктуу оюн-зоокторго катуу тыюу салынган заман өттү. Азыр мындай тамашаны капчыгында жетишээрлик акчасы бар же мындай стриптиз... толугу менен ![]() №240 0 0
Жигит сунала жерде жаткан энесинин башын кучактап ыйлап жатты. Эненин чала ачылган көздөрү ушул учурда да уулуна боору ооругандай жалдырай тигилет. «Апаке, кечир мени, акылсыз акмак уулуңду кечир...» Ушинтип күбүрөй апасынын ажалына өзү кириптер болгон жигит жерден боорун көтөрө албай өксүй берди. Бирок, бардыгы кеч эле... толугу менен №240 0 0
Уфологдордун айтканына караганда, Кыргызстанда таанылгыс учуучу объекттер (ТУО) акыркы жылдар ичинде убак-убагы менен пайда боло баштаган жана андай келгиндердин визитин байкоого алуу керек. Анткени, учуучу объектилерден бөлүнүп чыккан радиациялар экологияга, жаныбарларга, адамдардын денсоолугуна зыян алып келүүлөрү мүмкүн. Мындан тышкары, ТУОлорду байкоого алуу менен өз учурунда өзгөчө кырдаалдын күтүлүшү боюнча маалыматты алууга болот экен... толугу менен ![]() |
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул рубрикага кирди:
| |