|
|
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
№240 1 2
Ушул тапта көзү ачык, бүбү-бакшы, экстрасенс, парапсихолог, деги койчу, “касиеттүүлөр” көп. Кимиси тубаса касиетке ээ экенин, кимиси мындай атка жамынып акча табууга кынык алганын айырмалап билүү мүмкүн эместей. Пайдалуу менен залалдууну ажыратып билүүгө жетишээрлик билими жок же врачтарга кайрылууга капчыгы жука болгон калктын аялуу катмары – ушундай “касиеттүүлөрдүн” олжолору. Чыныгы дарамети барлары жөнүндө кийинчерээк... толугу менен №239 0 0
Бала – ааламдын падышасы. Ооба, окурман, аёо дегенди билбеген жырткыч жаныбардын да, каардуу падышанын да жүрөгүн элжиретип, заматта көңүлүн ийдирген кичинекей периштелер балдар эмеспи. Муунду-муунга улаган бул периштелер, алардын келечек бактысы үчүн баарына, атүгүл төбөбүз менен жер казып иштегенге даярбыз. Анан... Бакыракай көздөрүн жалдырата «тээтиги келе жаткан... толугу менен ![]() №238 1 0
Ушул күндөрү гезиттер да, «көгүлтүр экрандар» да учурда кыргыз аскерлеринин арасында тартипсиздик күчөп кеткендигин, аскердик турмуштун күндөн-күнгө оордошуп бараткандыгын айтып, коңгуроо кага башташты. Мындай ызы-чуунун чыкканы да бекеринен эмес. Өткөн айда Нарын облусундагы аскер бөлүктөрүнүн биринде прапорщик жоокерди сабап өлтүрүп койгондугу маалымдалса, дагы башка бөлүктө бири-бири менен... толугу менен №237 0 0
Кабинетинде жалгыз отурган кабагы бийик генерал-майор Болот Ниязович чекесин бырыштыра азыр эле орун басарынан уккан кепти эстеп жатты. Токмокто бир жаш бала 5 дунганды 2 күндүн ичинде мууздап кетиптир. Бул окуя илгери өзү жаш кезинде туш болгон кылмыш ишин эсине салды. Азыр ИИМдин көзүрү болуп турган өзүнө «профессор», «интеллигент» деген кличканы ошондогу кылмышты ачуудагы кыраакылыгы алып келген эле... толугу менен ![]() №235 0 0
Редакциябыз www.super.kg сайтындагы форумдун катышуучуларына кайталангыс сюрприз тартуулоо максатын көздөп, 13-май жекшемби күнү саат 14:00дө Бишкектеги “Алатоо” кинотеатрынын алдына жолугушууга чакырган. Максатыбыз форумда активдүүлүгүн көрсөткөн катышуучуларыбызды бири-бири менен жакындан тааныштырып (форумда күн сайын баарлашканы менен көпчүлүгү бирин-бири таанышпайт), ыңгайы келсе достоштуруп, ынтымактуу компания да уюштуруп берүү эле... толугу менен №232 0 0
Өрттү, селди элибиз бекеринен «тилсиз жоо» деп атабаса керек. Айттырбай, күттүрбөй башталган өрт калайыкты чогулткан мүлкүнөн гана эмес, энеден баланы, жолдошунан ажардуу жарды көз ирмемде түбөлүккө ажыратып коё алат. Статистика боюнча алып карасак, жыл башынан бери Бишкек шаарында эле 206 өрт кырсыгы катталып, 9 адам каза таап, 18 адам оор жаракат алган. Тилсиз жоодон адамдарды өрт өчүрүү... толугу менен ![]() №231 0 0
Кесиптин түрлөрү көп. Айдоочу, актёр, мугалим, учкуч, стюардесса... Булардын ичинен стюардессалык кесипке келсек, өзүнүн жагымдуулугу, барктуулугу жагынан социологиялык сурамжылоолордо актрисалык, моделдик кесиптерди артка калтырат. Стюардесса дегенде эле көз алдыга аккуулардай койкоё тартып, тыкыйта үтүктөлгөн кийимчен, жүздөрүнөн күлкү төгүлгөн айымдар... толугу менен №231 0 0
Жигит колдоруна тигиле карады. Колдору адам канына булганып калганын өзү гана билет. Аны эч качан жууп кетире албасын ойлоду. Эки колу менен башын мыкчый отуруп калды. «Бүттү! Мен мындан ары минтип чыдай албайм. Чындыкты айткан күндө деле баары бир апам мени кечирбейт. Андан көрө апамдын көзүнө ак боюнча калганым жакшы. Эч ким билбеши керек. Болбосо өз кылган күнөөмдү өз каным менен... толугу менен ![]() №229 0 0
толугу менен №228 0 0
Миңдеген жылдардын ашуусун ашып келе жаткан Нооруз майрамы 21-мартта жергебизге кирип келгени турат. Жаңы тилек, жаңы үмүт жараткан бул майрамдын таржымалынын көпчүлүк эл биле элек жагына бир аз токтолуп кетсек.21-мартта жазгы күн-түн теңелүү болот. Ошондон улам 21-март жаздын биринчи күнү катары эсептелет. Жаратылыштын мына... толугу менен ![]() №228 0 0
Мафиянын жаралыш тарыхы тээ орто кылымдарга барып такалат. Тагыраак айтканда, 1282-жылы француз баскынчыларына каршы Сицилия эли куралдуу көтөрүлүшкө чыккан. Мына ошол көтөрүлүштө “Morete alla Francia, Italia anela” – «Франция өлсүн, Италия эркин дем алсын» деген ураан пайда болгон. Аталган ураандын баш тамгалары «мафия» деген сөздү бириктирет. Чамасы, кийинчерээк Италияда уюшулган кылмыштуу топтор бийликке жана дыйкандарга таасир этиш үчүн ушул ураандын алдында... толугу менен №228 0 0
Көчөдөн «кызыл шапкечен» кызматкерди көргөндө көпчүлүгүбүздө жагымсыз реакция пайда болот. Бир даарыбыз аларды байкамаксанга салып өтүүгө аракет кылабыз. Чындыгында жалпыбыздын аң-сезимибизге сиңип калгандай, участкалык милиционер элдин үрөйүн учура кооптондурган, жөн шылтоо менен коркутуп-үркүткөн адам эмес, жарандардын укугун коргоп, бейпилдигин сактоочу кызматкер болуусу шарт. Биз ушинтип кадырлабай жүргөн участкалык... толугу менен ![]() №227 0 2
Кыргызстандагы кылмыш-жаза кодексинин 153-статьясында “эки же андан көп аял алгандар эки жылга чейин эркинен ажыратылат” деген жобо бар. Бирок, сот өкүлдөрү бул статья менен практикада эч кимди эркинен ажыратып көрө электигин айтышат. Негизи, көп аял алуу маселеси учур-учуру менен актуалдуу маселеге айланып келет. Эми бул маселе кайрадан козголуп, коомчулуктун бүйүрүн кызытып, түрдүү... толугу менен №227 1 0
«Биринчи байлык – ден соолук» демекчи, оору-сыркоо ар бир адамдын башында бар. Кокус жакындарыбыздын бири сыркоолоп калса, сөзсүз «тез жардам» кызматына кайрылабыз. Алар бир аз кечигип калса тилденебиз, жинденебиз... Бирок, «тез жардам» кызматкерлери кандай шартта, кандай абалда иштеп жатканына, канча маяна алаарына кызыгып көрдүңүз беле? Албетте, бизге жардам керек болсо гана кайрылып, калган учурда алар жөнүндө ойлонбосок да керек. Эмесе, келиңиз... толугу менен ![]() №224 0 0
КЫРГЫЗСТАНДЫКЫ... 2005-жылдагы көрсөткүч боюнча, Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевдин бир жылдык маянасы 279 миң 548 сомду түзгөн. Бизге мамлекет башчынын басма сөз кызматынын жетекчиси Досаалы Эсеналиев билдиргендей, президенттин өткөн жылдагы бир айлык маянасынын өлчөмү жана жыл ичиндеги маянасынын жалпы суммасы канчага жеткени жакында март айында өткөрүлө турган киреше тууралуу декларациядан кийин белгилүү болот. толугу менен №224 0 0
Бүгүнкү күндө Россия, Казакстан сыяктуу чет жактарга иштегени барып, бирок, маяналарын ала албай алданып келгендерди көп эле угуп жүрөбүз. Кокустан мага жолугуп калган бул жигиттер да шылуун “далдалчылардын” курмандыгына айланышыптыр. “Гезитке чыксак уят” деп куру намыстанган немелер өздөрүнүн аты-жөнүн толук айтуудан баш тартышты. Алардын ичинен алайлык Кутман деген жигит... толугу менен ![]() №222 1 -2
Сойкулук менен акча табуу бүтүндөй дүйнө жүзүндө эң кирешелүү бизнес экенин буга чейин эле уккандырсыз. Ооба, ошондой. Соңку он беш жылда бул бизнес биздин өлкөбүздө да катуу өнүктү. Расмий эмес маалыматтарга караганда, республикабыз боюнча 10 миңден ашык сойку бар. Алар тууралуу маалымат каражаттарында айтылып да, жазылып да келатат. Ошентсе да биз дагы бир ирет өз көзүбүз менен күбө болуп, журналисттик иликтөө жүргүзүш үчүн Бишкек шаарын кыдырып чыктык. Максатыбыз... толугу менен №221 1 1
«Эмнеге сен «голубой» экениңди айтпайсың? Бети жок, дагы «аялым көзүмө чөп салды» деп мени күнөөлөйсүң! Эр болуп жыргатчу белең? Же сен эркектик касиетиңди эчак эле жоготуп койгонуң жалганбы?» ...Ушинтип, аялы сот залын жаңырта кыйкырып жатты. Көздөрү караңгылап, кулактары чуулдап чыккан Тимур бир гана соттун: «Тазакеев Тимур Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексинин... толугу менен ![]() №220 0 1
Казакстандан Кыргызстандын чегарасына кире берген жерде, поезддин жолунда кызыл эт наристенин табылышы жүрөктү үшүткөн окуя болду. Чакыруу менен келген милиция кызматкерлери көргөн көздөрүнө ишенбей, кээси тике карай албай «түү» деп баш буруп кетип жатышты. Мыкаачы эне сөрөйгө наалат айтып, жинденген адамдар андан көп. Жаңы төрөлгөн наристени түндө поездден ыргытып... толугу менен №219 0 0
Илимий тилде айтканда, жер титирөөнүн чыгуусунун бир канча себептери бар. Алардын бири жер кыртышындагы нефть, алтын, көмүр ж.б. кен байлыктарынын казылып түгөнүп жаткандыгы менен байланыштуу делет. Бирок, акыркы убакта илимпоздор мындай көз караштын так эместигин моюндарына алышкан. Себеби, кен казылбаган аймактарда да бир канча жер титирөөлөр катталып келген. Кийинки көз караштардын бири болуп, жер кыртышындагы тектоникалык плиталардын ысык... толугу менен ![]() |
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул рубрикага кирди:
| |