Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
ЭРМЕК
№23600
Бул жолу сиздерди жаштардын сүйүктүү «Каалайсыңбы?» деп аталган романтикалуу ырын жогорку деңгээлде жүрөктөргө жеткире ырдаган жаш ырчы жигит Эрмек менен тааныштырабыз. Эрмектин мындан башка «Багыңа кондум бир өзүм», «Пери» ырлары, Аида менен ырдаган «Ата журт» дуэти бар. Эрмек 1984-жылы 13-октябрда Жалалабат облусунун...
толугу менен
“STAR DANCE” бий тобу
№23610

Бул топ көчө бийлерин бийлеп, тү­зүл­гөнүнө бир жыл болсо да, жаштардын арасында популярдуулукка жетишти. Өзгөчө бий стили менен айырмаланып турган топту Мирбек Атабековдун “Сен”, “Элестетип” аттуу ырынын клибинде жана жаш ырчы Алихандын “Ашыкмын” деген ырларынын клибинде көрүп келебиз. Анда эмесе, жаштардын сүйүктүү “Star Dance” бий тобунун балдары менен маегибиз.

толугу менен
НЕЛЛИ ФУРТАДО
№23600
Батыш элдеринин, алтургай дүйнө элдеринин жүрөгүнөн түнөк тапкан Нелли Фуртадо бүгүнкү “Дүйнө жылдыздары” рубрикабыздын коногу. Неллинин учурда биздин өлкөдө дагы көп сандаган күйөрмандары бар экендиги талашсыз. Анда кумириңиз тууралуу кененирээк сөз башынан болсун... БАЛАЛЫГЫ
Белгилүү ырчы Нелли Фуртадо 1978-жылы 2-декабрда Канаданын...

толугу менен
2006-жылдын имиджи Урмат Усенов: «ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТЫН ТҮЙШҮГҮНӨ ЧЫДАБАЙ КӨЗҮМӨ ЖАШ ТЕГЕРЕНГЕН»
№23500

БАКТЫГҮЛ, 18 жашта, Бишкек:
– Урмат байке, сизге «Мачо» деген кличканы ким койгон?
– Жакшы эсимде жок. Менимче, «Кыргызстан Обондорунун» ди-джейи Арстанбек Абдыманов койсо керек эле. Себеби, эң биринчи бул кличкамды өзүм радиодон Арстандын оозунан уккам.
– Бул кличкаңыздан тажаган жоксузбу?
– Буга көп деле маани бербейм. Мени такыр атымдан айтпай, такай...

толугу менен
ДИНАРА ЭСЕНГУЛОВА БИЗНЕСМЕНГЕ КҮЙӨӨГӨ ЧЫГАТ
№23500
Белгилүү продюсер, “Улуттук хит-параддын” жетекчиси Динара Эсенгулова продюсерликти таштайт. Себеби, Динара эженин болочок жолдошу “продюсерлигиңди ташта, гастролдоп жүргөнүң болбойт” деп шарт коюп жатат. Ал эми эженин жеке жашоосун же продюсерликти тандай албай башы ооруп турган кези. “Азырынча менин окутуп жаткан балдарым өзүнчө чыкканга даяр эмес. Айрыкча Кайрат менен Бегимай. Аларды жалдыратып калтыргым да келбей жатат. Бирок, аялзаты үчүн үйбүлө...
толугу менен
АИДА
№23500
Көптөгөн жигиттерди өзүнүн сулуу ажары менен арбап келаткан жаш ырчы кыз Аида менен тааныштырабыз. Аиданын “Кош бол”, “Мен ыйлабайм”, “Боз улан”, “Я приду к тебе” деген ырлары учурда хит болуп жатканын угармандар билишсе керек. Кулуева Аида 1982-жылы 30-январда Бишкек шаарында...
толугу менен
ЕЛЕНА ВОРОБЕЙ
№23500
Көргөн адамдын жүзүнө жылмаюу жараткан Россия шоу-бизнесинде пародия аткаруу боюнча атак-даңкка жеткен белгилүү айым Елена Воробейдин сатиралары көпчүлүктүн көңүлүнөн орун тапкандыгы анык. Анын ичинен биздин өлкөдө дагы көп сандаган күйөрмандары бар. Эмесе, “Дүйнө жылдыздары” рубрикасынын бүгүнкү коногу Елена Воробей тууралуу маалымат назарыңыздарда.
толугу менен
Эмил Балтагулов: «ӨЗ ЖАНЫМДЫ ӨЗҮМ КЫЙГЫМ КЕЛГЕН»
№23400

Бул ырчы «Ичпечи, апа» деп ырдаганда жү­рөк сыздаса, «Расуулулла» деген ырын угуп, клибин көр­гөн­дө карылар «алдыңа кетейин, ыймандуу бала тура» деп жү­рөктөрү жибип калышат. Ал эми «Махабат дастанын» созгондо жаштар сүйүүнүн бар экенине дагы бир жолу ынанышып, чыныгы махабат тууралуу бул ырды эргип угушат. Дал ушул жагымдуу ырларды жүрөктөргө жеткире ырдаган Оштон чыккан талант Эмил Балтагуловдун чыгармачылыгы жана жеке турмушу тууралуу маек назарыңыздарда.


толугу менен
КАМЧЫ САРЫБАЕВ: «КОНЦЕРТКЕ ЖАЛАҢ ПРОФЕССИОНАЛ КУУДУЛДАР КАТЫШАТ»
№23400

Бир топ белгилүү кыргыз фильмдеринде, рекламалык роликтерде жана клиптерде ролдорду жараткан актёр, “Дем” театрынын бир жигити Камчы Сарыбаев өзүнүн жеке концертин берүү алдында турат. Белгилүү актёрдун концерти кандай болооруна кызыгып, аны чакан маекке чакырдык.

толугу менен
БОЙГО ЖЕТКЕН БОЙДОК ЫРЧЫ КЫЗДАР КИМДЕР?
№23400

"Кыздын бараар жери күйөө" демекчи, ар бир кыз бактысына жараша эртеби, кечпи, өз ордун табат. Анын ичинде кыргыз ырчыларынын арасындагы бойдок кыздарыбыз да жигиттерди кызыктырбай койбойт. Ошондон улам азил-чыны аралаш бойдок жылдыздар жөнүндө маалымат берүүнү туура көрдүк. Балким, ушул макаладан кийин кыздарыбыздын бактысы ачылып кетээр?..

“Кыз Бурактын” эркек мүнөз бул кызы – кесиби боюнча журналист. “Ортобузда айырма бар, бир жыл эмес 9 жаш, эй” деп бекеринен ырдабаса керек, анткени, жашы 30дан ашып калса, албетте, Кенжени...

толугу менен
МОДА ДҮЙНӨСҮНҮН ЖЫЛДЫЗДАРЫ
№23400
Өз акылы, таланты, шыгы менен миллиондоп акча тапкан мыкты дизайнерлердин колунан жаралган кийимдерди кийсеңиз да, алардын жашоосу, жеке турмушу жөнүндө маалыматыңыз азбы? Рубрикабыздын бул сандагы коноктору – дүйнөлүк мода тарыхында таңкалыштуу жана унутулгус ачылыштарды жасаган эң атактуу модельерлер.
толугу менен
ЫРЫСКЕЛДИ ОСМОНКУЛОВ: АЗЫРКЫ ЫРЧЫЛАРДЫН 90-95 ПАЙЫЗЫ «САМОПАЛ»
№23300

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, Кыргызстандын алтын үндүү ырчысы Ырыскелди Осмонкуловду тааныбаган адам болбосо керек. Ырыскелди Осмонкулов 1968-жылы 28-январда Бишкек шаарында төрөлгөн. Он бир туугандын кичүүсү. Үйбүлөлүү. Бир уул, бир кыздын атасы.

– Ырыскелди байке, сизди концерттерден көптөн бери көрбөй калдык. Эмне иш менен алектенип жүрөсүз?...


толугу менен
КАНАТ КУЛТАЕВ: «АРЗАН БААГА САПАТСЫЗ КОНЦЕРТ БЕРИП КАЧАНГА ЧЕЙИН ЖҮРМӨК ЭЛЕК?»
№23300
Жакында жаш ырчылардын продюсерлери борбордо болуучу концерттердин баасын көтөрүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүштү. сүйлөшүүнүн акырында келген жыйынтык боюнча, эми концерттерге мурдагыдай 100 сомдон эмес, 200 сомдон кирет экенбиз. Көтөрүлгөн бул маселе боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн идеянын «автору» , ырчы Мирбек Атабековдун продюсери...
толугу менен
АЛЬКАМИЛЬ
№23300
Өзгөчө ысымы, келбети, башка ырчылардан айырмаланган сти-ли, «Да, я любил тебя» аттуу ыры менен жаш угармандардын көңүл борборуна алынып келе жаткан Алькамиль менен тааныштырабыз.

Алькамиль 1990-жылы 7-мартта Бишкек шаарында төрөлүп-өскөн. Учурда Бишкектеги Архитектура жана Курулуш техникумунун 1-курсунда дизайнер бөлүмүндө окуйт. Музыкадан сырткары...

толугу менен
ЖЫЛДЫЗДАРДЫН ҮЛПӨТ ТОЮНДА
№23300
Өз көзүбүз менен эч качан көрбөсөк да, жакын тааныштарыбыздай болуп калган атактуу ырчы, актёр, режиссёрлордун жеке турмушу бизди кызыктырбай койбойт. Алардын жашоосундагы ар бир окуяны, айткан сөздөрүн, басып-турганын дайыма байкап турабыз. Өзгөчө кызыкчылык жараткан нерсе – бул жылдыздардын үйлөнүү тойлору. Кымбат «Лимузиндер» жана баалуу үлпөт көйнөктөр, бриллианттуу шакектер жана таңкалтырган...
толугу менен
2006-жылдын мыкты үнү Мирбек Атабеков: «ТАЛАСТЫК ЭМЕСМИНБИ, КЭЭДЕ МАКТАНЫП КОЁМ»
№23200

АЙЖАМАЛ, 18 жашта, Бишкек:
– Мирбек, сиздин жаңы чыккан «Алтын апа» аттуу ырыңыз бизге абдан жакты. Чоң энеңизге арнап жаздыңыз беле?
– Ооба, бул менин чоң энеме арналган ыр. Мен өзүм чоң энемдин колунда өскөм да. Мени аябай эркелетип, башка неберелерине караганда жакшы көрчү. Кичине кезибизде байкемдин балдарынан катып мага конфет берээр эле. Өткөн жылдын декабрь айында жетимиш жаш курагында...

толугу менен
ЖАНАРА «НБТга» КЕТТИ
№23200
Жагымдуу үнү менен борбор калаабыздагы угармандардын көңү­лүн көтөрүп келген “Кыргызстан Обондору” радиосунун ди-джейи Жанара Атабекова 1-мартта расмий түрдө радиодон кетти. Бирок, «жакшы көргөн ди-джейимдин үнүн укпай калам» деп чочулаган күйөр­мандары кам санабай эле койсо болот. Анткени, Жанараны жакында «НБТ» телеканалынан көрө алабыз. Эми Жанара теледе музыка тармагында эмес, маалымат кызматында иш алып барат. Азыр Жанара аталган телеканалдын “кухнясын” ...
толугу менен
ҮЙБҮЛӨГӨ ТУРУКТУУ ЖЫЛДЫЗДАР КИМДЕР?
№23210

Өнөр майданында жылдыздардын жашоосу катардагы адам­дардын жашоосуна караганда бир топ кыйын. Анткени, аларга көбүн­чө үйбүлө­сүн же карьерасын тандоого туура келет. Мына ушундан улам турмуш курган соң ажырашууга аргасыз болгон ырчылар көп. А биз болсок тескерисинче, үйбү­лө­сү менен ишин айкалыштырып, башкача айтканда, алгачкы никеси менен бактылуу жашап жаткан жылдыздар тууралуу сөз кылабыз.

толугу менен
РООСИЯЛЫК «БИРИНЧИ КАНАЛДЫН» ЖЫЛДЫЗДАРЫ
№23200
2002-жылдан бери “ОРТ” (“Общественное Российское Телевидение”) каналы “Биринчи канал” деп сыймыктуу аталып келет. “Атына заты жарашат” дегендей, чынында эле мындай аталыш каналдын популярдуулугун, анын дайыма алдыңкы орунда экендигин, биринчилигин аныктап турат. Россияда гана эмес, бүткүл КМШ, Австралия, АКШ, Жаңы Зеландия жана Антарктидада эфирге чыккан “Биринчи каналдын” дүйнө жүзү боюнча көрүүчүлөрүнүн саны азыр 80 миллионго жетет. “Кайда гана болбоңуз, дайым сиз менен жана сиз үчүн” деген ураан менен иштеген “биринчилер” кыргызстандыктардын да жүрөгүнөн орун алып келишет...
толугу менен
ЖООМАРТ ЖЕДИГЕРОВ
№23201
Аз убакыттын ичинде “Секелек”, “Өзүмө”, “Кыргыз элим”, “Сулууга” деген ырлары менен эл алдына тааныла баштаган жаш ырчы жигит Жоомарт Жедигеров менен тааныштырабыз.
Жедигеров Жоомарт 1986-жылы 2-августта Алабука районунун Коштерек айылында төрөлүп-өскөн. Учурда Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда фольклор...

толугу менен
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул рубрикага кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: