Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
АССОЛЬ “ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ЖЕТЕКЧИСИ” НААМЫН АЛДЫ
№22100
Бир канча наамдардын ээси болуп келген Ассоль айым дагы бир наамга татыктуу болду. Башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Телерадиокомпаниясы ага “Жылдын мыкты жетекчиси” деген наам ыйгарды. Анткени, Ассоль өткөн жылы бир нече долбоорду түзүп сунуштап, анан кайра аларды иш жүзүнө ашырууга жетишкен. Ассоль продюсерлик кылган ар бир берүү элдин купулуна толуп, арзууга татып келе жатканы талашсыз. Ал эми жакында “Азия-Курулуш” компаниясынын президенти...
толугу менен
«ИЧПЕЧИ, АПА»
№22100

Учурдун актуалдуу маселесин таасын чагылдырып бере алган “Ичпечи, апа” аттуу дастан өзгөчө популярдуулукка ээ болду. Бул дастанга тартылган клип да көргөндүн көңүлүн өзүнө буруп, эч кимди кайдыгер калтырбайт. Бул ырдын аткаруучусу жаш ырчы Эмил Балтагулов 1981-жылы 28-сентябрда Чаткал районунун Терексай шаарчасында туулган. ОшМУнун искусство факультетин аяктап, учурда ошол эле окуу жайда...

толугу менен
КАНАТ КАДЫРОВ
№22100
Жакындан бери угармандардын купулуна толуп, мукам үнү менен сүймөнчүлүккө татый баштаган “21 кылым” радиосунун жаш ди-джейи Канат Кадыров менен тааныштырабыз.
Кадыров Канат 1987-жылы 2-сентябрда Нарын шаарында төрөлүп-өскөн. Учурда БГУнун журналистика бөлүмүндө 2-курста окуйт. Ди-джейлик өнөрдөн башка, ырчылыкты колго алып, “Кечир мени”, “Айтчы ачык сырыңды”, “Ардагым” аттуу ырлары менен да сахнага чыгып келүүдө.

толугу менен
ЖЫЛДЫЗДАРГА КАТ
№22100
Өткөн саныбызда 14-февраль Сүйүшкөндөр күнүнө карата жылдыздарга жазылган каттарга конкурс жарыялаган элек. Бул конкурстун негизинде жазылган каттардын алгачкылары жаш ырчылар Бегимай Эсенгуловага, Султан Садыралиевге, Замир Мырзага жана Расул кызы Айгеримге арналган экен.
Жүрөгүм бир калыбында согуп турган күн­дөрүмдүн биринде “Супер-Инфо” гезитин барактап калдым. Андагы макалаларга көз жү­гүртүп отуруп...

толугу менен
ОРУС ЖЫЛДЫЗДАРЫ ЖАНСАКЧЫЛАРЫНА КАНЧА ТӨЛӨШӨТ?
№2210-1
Мурун жансакчылар менен бийлик адамдары гана жүрсө, кийинки мезгилдерде ырчыларды да жансакчылардын жандап жүрүүсү модага айланууда. Анткени, ырчы болуп эл көзүнө илинип калгандан кийин алардын жашоосуна коркунуч туудурган кол салуулардын болушу мүмкүн. Ал эми коопсуздугун камсыз кылып келген жансакчыларына жылдыздар долларларды төлөп берери талашсыз.
Орус жылдыздарынан биринчилерден болуп жеке жансакчы жалдагандардын бири – Филипп Киркоров...

толугу менен
Канат Култаев: «ШОУ-БИЗНЕСТЕН КӨҢҮЛҮМ КАЛЫП, ПРОДЮСЕРЛИГИМДИ ТАШТАГАНЫ ЖАТАМ»
№22000

Канат Култаев деген ысым шоу-бизнеске өзгөрүү кире баштагандан бери көбүрөөк угула баштады. Анткени, Канат алгач белгилүү жаш ырчы Темир Назаровго продюсерлик кылып жүрсө, азыр Мирбек Атабеков менен иштешип келет. Ал эми Канаттын өз кесиби режиссёр. Учурда МТРКнын музыкалык көңүл ачуу бөлүмүнүн режиссёру. Канат 1979-жылы 15-июнда Өзгөн районунун Куршаб айылында туулган. Бишкектеги “Дастан” университетинин телекоммуникация бөлү­мүн аяктаган. Жети...

толугу менен
ТЕМИР ТАЛАНТТЫН КОНЦЕРТИНЕ КОНОК КАТАРЫ КЕЛЕТ
№22000

Өткөн саныбызда куудул Талант Анарбаев менен ырчы Темир Назаровдун концерти болот деген жарыя берген элек. Бирок, Темир биз менен байланышып, бул концертке конок катары гана катышаарын билдирди. Көрсө, ырчы менен куудул өз ара келишим түзүшүп жатканда түшүнбөс­түктөр болуп кеткен экен. Бул концертте Талант жана анын “Талант-шоу”деген тобунун жаңы сатира, ыр-күл­күлөрү жаңырат. Ал эми көпчү­лүктүн...

толугу менен
Анжелика: «МЕКТЕП ЖАШЫНДА ТУРМУШКА ЧЫККАН ТАРЫХТА МЕН БИРИНЧИ БОЛБОСОМ КЕРЕК»
№22040
Анжеликанын турмушка чыккандыгы жө­нүндө, анын жолдошу жөнүндөгү эл арасындагы ар кандай сөздөрдүн дагы эле аягына чекит коюла элек. Бул боюнча Анжеликага жолугуп, өзү менен маектештик. Ал эле эмес, ырчы кыздын табышмактуу жолдошуна да бир-эки ооз суроо узатканга мүмкүнчүлүк болду.
толугу менен
НУРЛАН АЛДАЯРОВ
№22000
Жакындан бери «Гүлсара», «Айпери» деген ырлары менен угар-мандардын сүймөнчүлүгүнө татый баштаган Нурлан Алдаяров менен тааныштырабыз.
Алдаяров Нурлан 1985-жылы 1-февралда Кочкор районуна караштуу Ормон-Хан айылында төрөлүп өскөн. Музыкадан тышкары тенниске, футболго кызыгат. Учурда Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун 5-курсунун студенти.

толугу менен
МАКSИМ
№22000
Эркектерге окшош мүнөзү менен көп ырчы кыздардан айырмалана турган МакSим учурда жаштардын сүйүктүү ырчысы. Ал «Нежность», «Отпускаю», «Знаешь ли ты» аттуу ырлары менен орус шоу-дүйнөсүн багындырууга жетишкен. МакSимдин акыркы учурдагы ырларынын дээрлик бардыгы хитке айланууда.

– МакSим, алгач өзүң тууралуу айта кетсең?
– Менин толук атым – Марина Максимова...

толугу менен
НАТАША ТАРЗАН МЕНЕН КОШО СТРИПТИЗ КӨРСӨТТҮ
№22000
Наташа Королеванын жолдошу Сергей Глушко (Тарзан) Наташага үйлөнгөнгө чейин стриптиз менен алектенип келген. Наташага баш кошкондон кийин деле ал кесибин таштаган эмес. Жакында бир шоуда Тарзан сахнага чыгып, стриптиз көрсөтө баш­таган. Анын ар бир кыймылы көрүүчү кыздардын делебесин козгоп, дуулдаган кол чабуулар менен коштолуп турган. Сахнаны көздөй жулкунган кыздардан Тарзанды кызганып кеткен Наташа өзү сахнага чуркап чыккан. Тү­гөй­лөр биригип алышып чыныгы стриптиз-шоу көр­сөтүшкөн...
толугу менен
2006-жылдын супер ырчы мырзасы Султан Садыралиев: «АЙЫЛДА КОРОЗ УРУШТУРГУЧ БОЛУП ИШТЕЧҮМҮН»
№21902

Наргиза, 16 жашта:
– Султан, Жаңы Жылды кантип, кайдан тостуң?
– Жаңы Жылды досторум менен үйдө тостум. Ырчылардан Урмат Жаңы Жылда биз менен болду. Бул жылы майрамды ичимдиксиз тостум. 12ден кийин конокторум шампан ичип жатышты, мен тостту сок менен гана айтып, спирт ичимдиктерин ич­кен...


толугу менен
НУРДӨӨЛӨТ “БИТЕЛДИН” БАЙГЕСИН УТУП АЛДЫ
№21900
“Апамдын махабаты” фильминде мугалимдин ролун аткарган “Учур” телетеатрынын актёру Нурдөөлөт Копоевди жакындан бери Кыргызтелекомдун рекламалык роликтеринен да көрүп жүрөбүз. Чыгармачылыктын үс­түн­дө тынбай эмгектенген актёр “Бител” компаниясы уюштурган Жаңы Жылдык SMS лотереяга катышууга да жетишкен. Актёрдун айтуусу боюнча, ал өмүрүндө бир да жолу лотереядан утуп көргөн эмес. Бирок, эмнегедир бирдемени сезгенсип, “Бителдин” SMS лотерея...
толугу менен
АЙЧҮРӨК ИМАНАЛИЕВА: «АНЖЕЛИКА ТУРМУШКА ЧЫККАНДА ЫЗАМА ЧЫДАБАЙ ЫЙЛАГАНГА ЧЕЙИН БАРДЫМ»
№2190-1


Көптөрдүн кызыгуусун арттырган татынакай жаш ырчы кыз Анжелика Жаңы Жыл алдында турмушка чыгыптыр деген сөздөр тарады. Бири чын десе, бири калп дешет. Ушундан улам бул маалыматтын чын-төгүнүн билели деп төрөбөсө да чыгармачылык жактан колдоо көрсөтүп, өз кызындай кылып алып жүргөн устаты Айчүрөк Иманалиевагага кайрылган элек.


толугу менен
ИРЛАН ТААЛАЙБЕКОВ (УМЕТБЕКОВ)
№21900
Ирлан Таалайбеков 1989-жылы 14-февралда Кара-Буура районунун Чолпонбай айылында туулуп-өскөн. Музыкадан тышкары компьютерде иштөөгө, футболго кызыгат. Учурда Б.Бейшеналива атындагы искусство институтунун 1-курсунда күндүзгү
толугу менен
БЕЙОНС
№21900
Дүйнөлүк аренага “De ja vu”, “ Naughtu girl, “ Baby boy” аттуу ырлары менен таанымал болгон Бейонстун учурда популярдуулугунда чек жок. Буга ырчынын таланты гана эмес, келишимдүү келбети менен мүчөсүнүн да таасири чоң. Учурда ырчынын күйөрмандарын АКШда гана эмес, дүйнө жүзүнөн жолуктурууга болот.

Бейонстун толук аты Бейонс Жизель, фамилиясы Ноулз. Бейонс 1981-жылы 4-сентябрда АКШнын...

толугу менен
ЖАҢЫ ЖЫЛ ТҮНҮ...
№21800


Мына, көптөн күткөн Жаңы Жыл майрамы да келип, жыл жаңырган соң элдер кайрадан мурдагы көр тирилигине түшүштү. Жаңы Жыл үйбүлөлүк майрам болгондуктан, үйдө тосуш керек деп айтылганы менен шартына жараша ар ким ар жерде, ар кандай шартта тосуп калышы мүмкүн. А биздин белгилүүлөрүбүз быйылкы Жаңы Жылды кантип тосушту экен? Анда өздөрүнөн сурап көрөлүчү?!


толугу менен
ИТ ЖЫЛЫ ШОУ-БИЗНЕС АДАМДАРЫНА ЭМНЕ «БЕЛЕК» ТАРТУУЛАДЫ?
№21800
СЫЙЛЫКТАР, ГРАМОТАЛАР
Президентибиздин буйругу боюнча Айчүрөк Иманалиева, Алина Жети-генова, Асел Турдалиева, Дилшат Кангелдиева жана Ассоль Молдок-матова Президенттин Ардак Грамотасына ээ болушса, Ибрагим Жунусов менен Курмангазы Азыкбаев Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамына...

толугу менен
АВРААМ НАРИСТЕ ЖЫТЫН ЖЫТТАДЫ
№21800
Жаңы Жылга саналуу күндөр калганда, тагыраак айтканда, 28-декабрь күнү Авраам Руссо кыздуу болду. Авраам менен жубайы Морела наристенин жарыкка келишин Жаңы Жылдан кийин күтүп жатышкан. Майрам алдында Авраам менен Морела Нью-Йорктогу жеке дарыгерине кайрылышкан. Доктор Морелага операция жолу менен төрөө керек экенин айткан. Ошентип, Морела убактысына бир аз жетпей хирургиялык жол менен көз жарды. Жаш ата-эне ымыркайга Эммануэль деген ысымды ыйгарышты. Бул француз тилинен которгондо...
толугу менен
ЖАҢЫ ЖЫЛГА АЯЗ АТАДАН КАНДАЙ БЕЛЕК СУРАЙТ ЭЛЕҢИЗ?
№21700

Аяз атанын бар экенине кичине кезибизде гана ишенчүбүз. Жаңы Жыл сайын бизге белек алып келген кызыл тончон, ак сакалдуу ал киши өзүбүздүн эле атабыз же байкебиз экенине кийин гана акылыбыз жеткен. Ошентсе да айрым ырчыларыбыздан берешен Аяз атадан кандай белек алгысы келгени жөнүндө сурап көрдүк.

толугу менен
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул рубрикага кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: