Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
ШЕР ЖООКЕР
№22100

Эр жүрөк жигит, сулуу бийкеч, каары катуу падыша... Бул үчөөнүн ортосунда пайда болгон сүйүү үч бурчтугу жоокердик жашоонун мыйзамына баш ийбейт. Эр жүрөк жоокер падышасына жол коёбу же падышабы? Бүтүндөй мамлекеттин тагдыры ушул чечимге көз каранды.
Мына ушундай татаал сюжетти чагылдырган «Шер жоокер» фильми 1995-жылы жарыкка чыккандан бери көрүүчүлөрдүн көңүлүнөн орун таап келет.

толугу менен
ПАРФЮМЕР
№22020
Ырайымсыз, эч качан сүйүү деген эмне экенин билбеген жетим Гренуй жашоодогу чыныгы жетишкендикке бир гана жол менен жетет. Ал жол элде жок жытты сезе билгендигинин арты менен өзгөчө атырды ойлоп тапканы эле. Анын керемет атырлары адамдарды акыл-эсинен ажыратканга чейин жеткирсе дагы аны алдыда өлүм жазасы күтөт. Анткени, Гренуйдун идеалдуу керемет атыры үрөй учурган ыкма менен алынган эле.
Фильмдин режиссёру –Том Тиквер...

толугу менен
АПТАП
№21900
Сүйүү, жаштык, бакыт сыяктуу адамзаттын жашоосунун өзөгүн түзгөн түшүнүктөрдү камтыган «Аптап» фильми улуу муундун да, кичүү муундун да кызыгуусун жарата алды. Фильмде атактуу «9-рота» фильминде катышкан актёрлордун дээрлик баары ойношкондуктан, анын уландысы катары таасир калтырат. Бирок, фильмде 9-ротадагыдай трагедия эмес, жаштардын бактылуу турмушу сүрөттөлөт.
толугу менен
ҮЙДӨ ЖАЛГЫЗ
№21720
1990-жылы жарыкка чыккан “Үйдө жалгыз” фильми тартылганына 16 жыл болсо да жаш балдардын да, ата-энелердин да сүйүп көргөн тасмасына айланып келет. Режиссёр фильмди эл жакшы кабыл алганын көргөн соң, ушул сындуу эле фильмди тартууну көздөйт да, 1992-жылы “Үйдө жалгыз-2” тасмасын тарткан. Ойлогондой эле бул тасма да популярдуулукка ээ болот. Муну көргөн башка режиссёрлор ушул эле идеянын негизинде “Үйдө жалгыз-3” жана “Үйдө жалгыз-4” тасмаларын тартышат. Бирок, бул тасмалар биринчиси сымал популярдуу болбойт...
толугу менен
АНАКОНДА
№21400
АКШ, Бразилия жана Перу өлкөлөрүнүн биргелешүүсү менен 1997-жылы тартылган «Анаконда» фильми көрүүчүлөр­дүн, айрыкча жаныбарларды сүйүүчүлөрдүн купулуна толгон тасма болуп эсептелет. Фильм Бразилия жана АКШда өткөн бетачарында эле 70 миллион доллардан ашык каражат топтоп, фильмге сарпталган каражатты актап койгон. Ал эми Голливуд жылдызы Анжелина Жолинин атасы Жон Войт фильмде карамүртөз, ташбоор аңчынын ролун абдан...
толугу менен
«РОЯЛЬ» КАЗИНОСУ
№21300
Жеймс Бонд тууралуу кинодолбоор – кино тарыхында ары узун, ары кызыктуу, ары популярдуу долбоор болуп эсептелет жана азыркыга чейин ал жөнүндө 20 фильм тартылган. Мунун 21- фильми болгон «”Рояль” казиносу» мурунку фильмдерден ак жүздүү Бонду менен айырмаланып, учурда эң көп көрүлгөн фильм болуп эсептелет. Фильм АКШ жана Британия өлкөлөрүнүн биргелешүүсү менен...
толугу менен
ТЫНЧ ДОН
№21200

«Тынч Дон» – орус классикасынын туу чокусу, ХХ кылымдын эң мыкты романы саналган Михаил Шолоховдун чыгармасынын неги-зинде тартылган экинчи фильм. Эфирге чыкканга чейин абдан татаал жолду басып өткөн фильм жарыкка чыккандан кийин да кинема-тографисттер тарабынан көптөгөн сын-пикирлерге, ал эми дондук-тар тарабынан абдан нааразычылыктарга туш болгон. Мунун башкы себеби, баш каармандардын ролдорун дондук казактардын...

толугу менен
КАРАГЫЗ
№21100
“Азыркы Кыргызстандын символу” деген атка ээ болгон “Карагыз” фильми “Эң мыкты сценарий үчүн”, “Эң мыкты режиссёрлук иш үчүн” сыйлыктары менен кошо “Мосфильм” госконцернинин өзгөчө сыйлыгына да ээ болгон.
«Карагыз” – социалдык чөйрөдө өз ордун таппай калган үйбүлөнүн трагедиясы. Мен булардын мындай болуп калышына өкмөт, чөйрө же турмуш-шарт күнөөлүү деп айта албайм. Адамдар өздөрү-өздөрүнүн жашоосун...

толугу менен
КАРА ОРХИДЕЯ
№21000
Фильм 1947-жылы болуп өткөн, бирок, ушул мезгилге чейин аягына дейре такталбай келаткан чыныгы окуянын негизинде тартылган. Фильмге 60 миллион доллар каражат жумшалган. Башка кинолордон айырмаланып тасмада козголгон кылмыштын бети ачылбаса да фильм болуп көрбөгөндөй популярдуулукка ээ болгон. 2006-жылы 9-сентябрда АКШда болуп өткөн бетачарында аталган тасма 22 миллион доллардан ашуун киреше алып келсе, 28-сентябрда Россияда болуп өткөн бетачарында...
толугу менен
ХАОС
№20900
АКШ, Канада жана Британия өлкө­лөрүнүн биргелешүүсү менен тартылган детектив, драма, боевик жанрларын камтыган фильмдин аталышы фильмдеги хаос теориясынан улам келип чыккан. Хаос теориясы – алдыңдан күтүүсүздөн чыгып турган тоскоолдуктарды улам жаңы ыкмаларды ойлоп таап, даярдыксыз, плансыз жеңүү дегенди билдирет. Башкача айтканда, башаламандыкты башаламандык менен жеңүү. Фильмди тартуу үчүн 25 миллион доллар жумшалган. Бирок, кээ бир киносынчыларынын ою боюнча...
толугу менен
ПЕКИНДЕН КЕЛГЕН ЖАНСАКЧЫ
№20800

Алгач Американын “Жансакчы” аттуу фильминин идеясынан улам тартылган кино деп табылып, фильмдин режиссёрлору жана сценарийин жазгандар плагиаттык менен күнөөлөнүшөт. Бирок, фильмдин ийгиликсиз өткөн бетачарынан кийин темасы эле окшобосо, мелодрамадан сырткары детектив, боевик жанрларын камтыган бул фильм мазмуну жагынан такыр башка экени айкындалып, популярдуулукка ээ болот да, бат эле бир топ фестивалдарга жолдомо алат. Фильмдин...

толугу менен
ТАТЫНА КЫЗ
№20600
«Татына кыз» – 90-жылдардагы эң популярдуу фильм болуп эсептелет. Фильм «Күлчү кыздын» жаңы варианты болуп саналса да дүйнөнүн сүйүктүү фильмине айланып, аз убакытта эле 463 миллион доллар киреше алып келген. Кошумчалай кетчү нерсе, фильм 1991-жылы «Оскар» жана «Алтын глобус» сыйлыктарына татыктуу болгон. Ал эми Жулия Робертс эки жолу ушул фильмдеги ролу үчүн...
толугу менен
МИСТЕР ЖАНА МИССИС СМИТ
№20500
Күнүмдүк жашоодогу катардагы эле аял-күйөөнүн мамилесин чагылдыруу менен дүйнөгө популярдуу фильм жараткан режиссёр Даг Лиман фильмге 110 миллион доллар жумшаган. Бактыга жараша, фильм режиссёрдун эмгегин актап бет ачарында эле АКШда 183 миллион, дүйнөдө 300гө жакын миллион доллар киреше алып келген. Фильмдин мынчалык көп киреше алып келиши катышкан актёрлору боюнча да, тартылышы боюнча да жогорку деңгээлде...
толугу менен
КӨЧМӨН
№20400

«Көчмөн» – тээ 18-кылымдагы эли-жери, мекени үчүн кызмат кылган Абулхаир хан, Аблай хан, Төлө бий сыяктуу чыгаан тарыхый баатырлардын жашоосунун негизинде тартылган тарыхый драмалык голливуд-казак фильми болуп эсептелет. Фильм­де мекенге болгон сүйүү жогорку деңгээлде чагылдырылып берилет. Мындан сырткары казак баатырларынын укмуш өнөлөрү, эрдиктери да камтылат.

толугу менен
ХИРОМАНТ
№20100
Фильм жанры боюнча мистикалык элементтери бар психологиялык драмага кирет. Антсе да реалдуу жашоого негизделген бул фильм көгүлтүр экранга чыгаары менен көпчүлүктүн кызыгуусуна арзыды. Бул фильмден соң Москвадагы китеп дүкөн­дө­рүндө хиромантия тууралуу китептердин бардыгы сатылып кеткен. Өз ичине адамдын тагдырын, табышмактуу окуяларды, акылдан адаштырган сүйүүнү камтыган «Хиромант» орус фильмдеринин арасынан жогорку баага татыган.
толугу менен
МАХАБАТ ДАСТАНЫ
№19900
Режиссёру жана сценарийдин автору –Дооронбек Садырбаев Башкы ролдордо: Раймаалы – Тууганбай Абдиев, Бегимай – Асел Эшимбекова, Абдилхан – Советбек Жумадылов

Белгилүү «Махабат дастаны» фильминин башкы идеясы Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытаар бир күн» романындагы Раймаалы ага менен Бегимай жөнүндөгү уламыштын негизинде жаралган. Дооронбек Садырбаев кыргыз элинин, тилинин тагдыры, каада-салты, кереметтүү комузу жөнүндө кино тарткысы келип жүргөндө бул сценарий...

толугу менен
ЭГИЗДЕР
№19600
Режиссёру – Зиновий Ройзман. Сценарийдин авторлору – Андрей Анисимов, Анатолий Чижиков, Зиновий Ройзман. Башкы ролдордо: Пётр Ерожин – Андрей Соколов, Фатима, Люба – Эльвира Болгова, Надя – Алла Юганова жана башкалар. ФИЛЬМДИН ТАРТЫЛЫШЫ
«Эгиздер» сериалы жазуучу Андрей Анисимовдун «Эгиздер»...

толугу менен
АСКА
№19400
Режиссеру: Майкл Бэй. Продюсерлери: Дон Симпсон жана Жерри Брукхаймер. Сценарийин жазгандар: Дэвид Вейсберг жана Дуглас С. Кок. Башкы ролдордо: Жон Патрик Мэйсон – Шон Коннери, Стенли Гудспид – Николас Кейж, генерал Хамел – Эд Харрис. Ошондой эле Вильям Форсайт, Майкл Бьен, Жон Спенсер ж.б. Фильмдин кыскача мазмуну
Мухиттеги адам буту оңой менен жетпес аралда...

толугу менен
КАРИБ ДЕҢИЗИНИН КАРАКЧЫЛАРЫ
№19100
Фильмдин кыскача мазмуну
Кариб деңизи. 17-кылым. Капитан Жек Воробейдин «Кара бермет» деп аталган кемесин душманы капитан Барбосс уурдап кетет. Ал кемени уурдоо менен эле чектелип калбастан, губернатордун Элизабет аттуу кызын кошо уурдайт. Элизабеттин кичине кезинен берки досу Уилл Тёрнер менен Жек Воробей биригип, эң тез жүрүүчү кемеге түшүшүп Элизабет менен «Кара берметти» кайтарып алуу үчүн душмандардын артынан кууп жөнөшөт. Ал жакта көптөгөн кыйынчылыктарга учурашып, адамдардын сөөк­төрү...

толугу менен
УЧУУЧУ КАНЖАРЛАРДЫН ҮЙҮ
№19000
Фильм 2004-жылы Гонконг жана Кытай тарабынан тартылган да, ошол эле жылы дүйнөлүк кинотеатрларда бет ачары көрсөтүлгөн. Фильм көрсө­түлөөр замат ар түрдүү жанрларды ичине камтышы менен бир топ популярдуулукка ээ болгон. Фильм прокатка чыккандан аз эле убакыттан кийин дүйнө боюнча 82 миллионго долларга жакын киреше алып келген.

IX кылымда Кытайдагы дүй­нөгө белгилүү болгон Тан династиясы күчүн жоготуп, өлкө­дө...

толугу менен
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул рубрикага кирди:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: