"Супер-Инфонун" жолдомосун алган ырчылар Нурлан Насип менен Сайкал Садыбакасова Малайзияга жетишти





"Супер-Инфо" гезити 2014-жылдын мыктыларын сыйлоо аземинде "Супер ырчы айым" наамына татыган Сайкал Садыбакасовага жана "Супер ырчы мырза" наамынын 3 жолку ээси Нурлан Насипке гезит менен жемиштүү кызматташканы үчүн Малайзияга эс алып келүүгө жолдомо ыйгарган.
Автор: Автандил Добулбеков
11-февралда Малайзияга эс алууга жөнөп кетишкен жылдыздар аталган өлкөгө жетишти. Аларды бул өлкөдөгү кыргызстандыктар мейманканада патриоттуулуктун белгиси катары Кыргызстандын желеги менен тосуп алышты. Алар менен кошо Малайзиядагы кыргызстандыктардын биримдигинин чакыруусу менен "тамашоучу" Бакыт Осмонканов менен Жеңиш Майрамбек уулу да сапар алышкан.
Эске салсак, кыштын суук маалында кооз, кызыктарга бай өлкөлөргө барып келүүгө жолдомо гезит менен бир нече жылдан бери ийгиликтүү кызматташып келе жаткан жылдын мыктыларына берилет. Алсак, былтыр мындай белектер "Заманыбыздын супер алып баруучулары" Эрмек Нурбаев менен Нурзат Токтосуновага, "Заманыбыздын супер рэп ырчысы" Добрга, "Заманыбыздын супер ырчысы" Каныкейге берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
4

"Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталынын тарабынан кайрымдуулук иштер жүргүзүлүп келген жана келечекте дагы болмокчу.
Ал эми сын-пикирлерди info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазып жөнөтүңүз.