super.kg logo

Ош. Студенттерге интернеттеги диний жалган маалыматтарга ишенбөө боюнча түшүндүрүлдү

 

Бүгүн, 12-февралда Ош мамлекеттик университетинин студенттери менен “Кыргызстандагы диний экстремизмдин абалы” деген темада ИИМдин, УКМКнын, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жана облустук казыяттын өкүлдөрүнүн катышуусунда дебаттык талкуу болуп өттү. Бул тууралуу облустук казыяттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, талкуунун жүрүшүндө студент жаштар Сирияга азгырылган жаштардын абалы жана туура диний билимди кайдан алуу керек экендиги боюнча маселелерди көтөрүштү. Бул боюнча ИИМдин 10-бөлүмүнүн өкүлдөрү жаштарды диний агрессивдүүлүккө үндөп азгырган күчтөрдүн акыбети кандай бүтөрүн камтыган видеотасма көрсөтүшүп, студент жаштардан терс көрүнүштөргө азгырган жагдайлар байкалса анонимдүү билдирип, алдын алуу иштерине жардам кылууларын түшүндүрүштү. Дин өкүлү катары Ош облусунун казысынын орун басары Имамаззам Боронов туура диний билимди муфтият жана казыяттар расмий уруксат берген жайлардан гана алууга чакырды. Ош мамлекеттик университетинин окутуучулар жамааты да жаштарга туура диний билим берүү боюнча окуу жайдын базасында атайын теология факультети  жана окуучулар үчүн “Ыйман” лицейи иштеп жаткандыгын билдиришти. Жолугушуунун соңунда студенттерге интернет желелериндеги жалган маалыматтарга азгырылбоо боюнча да эскертилди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.02.2015. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жарайсынар коп коп уйуштургула Ислам дин ен таза адилеттуу дин экенин билишсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: