"Арча-Бешик жаңы конушунда эки баласын бычактап салган" деп шектелген келин психикалык жактан текшерүүдөн өтүүдө
"Бишкектеги Арча-Бешик жаңы конушунда эки баласын бычактап салган" деп шектелген келин Республикалык психикалык ден соолук борборунан тиешелүү текшерүүлөрдөн өтүүдө. Ошондой эле бүгүн анын баш коргоо чарасы каралат. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Автор: Мальвина Уметбекова
Маалыматка ылайык, белгисиз себептерден улам өз энеси 4 жаштагы кызын жана 3 жаштагы уулун бир нече жолу бычактап, алар каза табышкан болчу. Бул окуя болгон жерден кылмышка шектүү катары алардын апасы кармалган. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кылмышка шектүү аял бул окуя тууралуу жакын тууганына билдирип, андан соң өз өмүрүнө кол салууга аракеттенген. Окуя болгон жерден ашкана бычагы табылган. Учурда кылмыштын келип чыгуу себептери такталып, иликтөө иштери улантылууда.
"Кызыма дары берип уктатып, анан бычактадым"
Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Азамат Бакиров
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

ыйлап жибердим чонойсо эмгегинди актайт эле гоооооо Кудай жазасын берсин.