super.kg logo

Академик Кайып Оторбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

 

Бүгүн, 24-февралда өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин атасы, Улуттук илимдер академиясынын академиги Кайып Оторбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Ага вице-премьер-министрлер, министрлер, өкмөттүн облустардагы өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана башка коомдук ишмерлер катышты. Алар Кайып Оторбаевдин жасап кеткен эмгектерин эскеришип, мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүнө опол тоодой салым кошконун белгилеп өтүштү. Ошондой эле бир багытта гана эмгектенбестен, ар тараптуу иштерди жасап, улуттун нарктуу инсаны болгонун айтышты. Андан сырткары ал калыстык менен сабырдуулукка бекем мамиле кылып жашаган жана ар дайым келечек муунга үлгү болуп келгени менен кыргыз элинин эсинде түбөлүк сакталарын белгилешти.

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев: “Академик Кайып Оторбаев илимий-педагогикалык ишмердигин коомдук ишмердик менен ийгиликтүү айкалыштырган. Көрүнүктүү окумуштуу эки ирет Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган. Бир канча жогорку окуу жайларынын ректору болуп талыкпай эмгектенди. Футбол боюнча Москванын “Спартак” командасында ойногон”,- деди Сарпашев.

92 жаш курагында дүйнө салган академик Кайып Оторбаевдин сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.

Айта кетсек, Кайып Оторбаев 1922-жылдын 22-апрелинде Кемин районунун Тегирменти айылында төрөлгөн. 300дөн ашуун илимий эмгектин, анын ичинде 15 монографиянын автору. К.Оторбаев бир катар сыйлыктардын, медалдардын жана Ардак грамоталардын ээси. Алардын ичинде Кызыл Жылдыз ордени, "Эрдик үчүн" медалы, "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта фашисттик Германияны жеңгени үчүн" медалы бар. 






Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин атасы, академик Кайып Оторбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты

Автор: Жамалидин Парманкулов
Оператор: Азамат Бакиров
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
24.02.2015. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун
SUPER.KG видео
24.02.2015. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арабыздан жакшы инсандардын отушу аябай эле окунучтуу.жаткан жериниз жайлуу топурагыныз торко болсун.
SUPER.KG видео
24.02.2015. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун
SUPER.KG видео
24.02.2015. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окуп беришпей оз оюн айтканга не жетсин. Аллахым бейишин насип кылсын.
SUPER.KG видео
24.02.2015. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге аялдар ушундай жерге баш кийимсиз барышкан? Чон эле эжелер экен жоолук салып алышса болмок, эмне болгондо да биз мусулманбыз, бизге баш кийимсиз барган туура эмеско!!! Жаткан жери жайлуу болсун, АЛЛАХым куноолорун кечирип, артын кайырлуу кылсын, амин.
SUPER.KG видео
25.02.2015. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан бактылуу омур суруптур десек жанылыштык болбос, жаткан жери жайлуу болсун
Медиа-портал
27.02.2015. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун ((((
SUPER.KG видео
27.02.2015. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйманы жолдош болсун!жакшы адам болчу.
Медиа-портал
27.02.2015. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун.Билип билбей кылган куноолорун кечире кор.
Медиа-портал
27.02.2015. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун дуйнодо ушундай жерге кыргыздан башкасы бардык олкодо жолук салып барышат Отунбаева эжебиз баш болуп дайыма жолугу жок барат молдокелер теледен маселе окуп койсо болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: