Ахматбек Келдибеков: "Менин чөнтөгүмө бир тыйын салганым тууралуу факт, далил жок"







Бүгүн, 13-март күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Ахматбек Келдибековдун ишин кароону улантты. "Менин чөнтөгүмө бир тыйын салганым тууралуу бир дагы факт, далил жок. Мага козголгон кылмыш иши негизсиз",- деди А.Келдибеков.
Ал эми сот отурумуна катышып жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Жолдошова: "Мыйзам баарына бирдей болушу керек. Мыйзам алдында баары бирдей жооп бериши керек. Мен Келдибековдун ишинде эч кандай коррупциялык схемаларды көргөн жокмун",- деди.
Айта кетсек, буга чейинки сот отурумдарында айыпталуучунун жактоочусу “Келдибеков "2005-жылы Социалдык фонддо иштеп турганда акча каражатын негизсиз бөлүштүргөн" деп айыпталууда. Бирок иште ошол учурга тиешелүү документтердин түп нускасы жок. Ошондой эле эскирүү мөөнөтү да бүткөн. Мындан улам козголгон кылмыш ишин токтотууну өтүнөм” деп билдирген болчу.
Учурда сот өтүнүчтөрдү карап чыгуу үчүн белгисиз мөөнөткө сыртка чыгып кетти.
Ахматбек Келдибековдун иши боюнча 77 депутат суракка алынат

Тиги 7273 номерлүү ак машинада кеткен ЖКнын төрөгасы да ээ? Же башкабы?