Саламаттык сактоо системин санариптештирүү долбоорлору талкууланды
Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов саламаттык сактоо тармагын санариптик трансформациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 31-июлда министр "Түндүк" мекемесинин Санариптик саламаттык сактоо жана социалдык коргоо департаментинин директору Чыңгыз Бексултанов жана кызматкерлери менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда саламаттык сактоо системин санариптештирүү долбоорлорунун жүрүшү, Саламаттык сактоо ресурстарын башкаруунун улуттук маалыматтык системин өнүктүрүү, жаңы мамлекеттик санариптик кызматтарды киргизүү жана маалыматтык системдерди интеграциялоо маселелери талкууланды.
Министр Дамир Осмонов саламаттык сактоо тармагын санариптештирүү документтерди электрондук форматка өткөрүү менен гана чектелбестен, жарандарга көрсөтүлүүчү медициналык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталышы керектигин белгиледи.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















