super.kg logo

Индияда поезд кырсыктап, 22 адам каза таап, 150 адам жабыркады

 

Индиянын түндүк тарабында орун алган Уттар-Прадеш аймагында поезд жолдон чыгып кетип, 22 жүргүнчү каза таап, 150дөй адам ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта чет элдик массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, кырсыкка кабылган поезддин машинисти жолдун ачык же жабыктыгын билдирүүчү белгини байкабай калып, поезд жолдон чыгып кеткен. Натыйжада жолдон локомотив жана жүргүнчүлөр жүрүүчү эки вагону чыгып, аңтарылып кеткен. Учурда кырсык болгон жерде куткаруу иштери жүрүүдө. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: