Кылмыш үстүнөн кармалды... Таласта милиция кызматкери пара талап кылууга шектелүүдө
Таласта милиция кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, ал узак убакыт бою жабырлануучуга басым көрсөтүп, аны "кылмыш жоопкерчилигине тартам" деп коркутуп, акча талап кылып келген.
Натыйжада, милиция кызматкери 100 миң сом алып жатканда колго түшүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда бул ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо иштери жүрүүдө.
Таласта милиция кызматкери пара талап кылууга шектелүүдө
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















