Бишкек шаарында Нооруз майрамы белгиленип жатат






































Бишкек шаарында Нооруз майрамы белгиленүүдө. “Ала-Тоо” аянтында шаардыктар үчүн майрамдык концерт тартууланып жатат. Салтанаттуу иш-чаранын расмий ачылышында сөз сүйлөгөн шаар башчысы Кубанычбек Кулматов тургундарды бүгүнкү Нооруз майрамы менен куттуктап, бул жылы жакшылыктардын мол болушун каалады. Ал эми шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов “Нооруз майрамы баарыбызга ийгилик, тынчтык, өнүгүп-өсүү алып келсин” деди. Концерттик-шоу программа менен кошо борбор калаада жашаган ар улуттун өкүлдөрү улуттук тамак-аштарын, кийим-кече жана буюмдарын көргөзмөгө коюшту.
Бишкектеги Нооруз майрамынан репортаж
Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Азамат Бакиров
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

эмес, исламда эки гана майрам бар «Орозо
айт жана Курман айт» ноорузду майрамдаган
мусулман күнөөкөр болот. Адашпагыла кыргыз элим?
Жеке айтышууларга тыюу салынат.
Баары бир ушул майрамдын арты менен Жаратканга жакын болуп, ага кайрылып жатпайбызбы, түшүм мол болсун, береке болсун, тынчтык болсун ж.б. болсун деп...